Тойду өзүңөр каалагандай өткөргүлө. Үйлөнө тургандарга 6 кеңеш

Жазылуу
Жакында Кудайдын каалоосу менен түгөйүмдү таап баш коштук. Эки жаш табышканда жашоодогу маанилүү окуясын өзгөчө өткөрүүгө бел байлайт экен. Айрымдар ал жакшылыкты эл көрсүн деп өткөрсө, дагы бири шаан-шөкөтү аз, өтө жакын адамдарынын курчоосунда гана уюштургусу келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов ак кушун колуна кондуруп, жакшылыгын өткөрүп алгандан кийин үйлөнүү тойду өткөрүү боюнча ой толгоолору менен бөлүшүп турган кези.

Табышкан жандар үчүн үй-бүлө курабыз деп турган убакыт өзгөчө учур. Экөө тең чоң максаттарды коюп кыялданып, алып-учуп эмоционалдуу боло тургандыгын байкадым.

Акылдашкыла

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойго жакын жакшы кыз таппайсың! Үйлөнчү жигит эмнеге даяр болушу керек
Ошол маалда кыз-жигит акылдашып, алдыда өтчү жакшылыгы тууралуу көп кеңешиши абзел экен. Мунун ичинде медициналык кароодон өтүү, сөйкө, шакек, көйнөк тандоо, чакырылчу коноктун курамын тактоо, мааракенин кайда, кантип өтө турганы да бар. Анткени ар бир жан тойду өзү көксөгөндөй өткөргүсү келет. Так ошол маалдагы ирмемдер түгөйлөрдү бекемдеп тилектеш кылып, үй-бүлөдөгү алгачкы жоопкерчиликти сездирет. Мунун баары ата-эненин планына кошумча, тактоо болот. Ага чейин куда болчулардын бир сыйра жолугуп, дасторкондо чай ичкени да ашыкча болбойт экен. Дегеним, акыл калчашып кеңешкен жерде сөзсүз береке болуп, тараптар тез эле тил табышып кетчүдөй.

Өкүл ата менен өкүл апаны өзүңөр шайлагыла

Өкүл ата менен өкүл апаны жаш жубайлар өздөрү тандаганы жаман эмес. Келечекте түгөйлөрдүн ынак кеңешчиси, жакын сырдашы ошол жандар болот. Колдон келсе салтка ылайык бир эле бүлөнүн өкүл болгону жакшы. Анан аларды каржылык кызыкчылыкты көздөп тандабагыла, өкүлдөр жубайыңыздын укугун коргоп, өз кызындай таламын талашканы эле сиз үчүн чоң жетишкендик.

Той бириктирсин

Устукан көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудага сөзсүз эле 10 жолу эт тартып түштөнтүү керекпи? Ыксыз каадалар
Жакшылык адамдарды бириктирип, алар тойдон ырахат алгандай болгону оң. Тойдо таарынышкан бар да мейман болбошу керек. Алардын маанайын майда-барат иштер түшүрбөгөнү жакшы. Бул үчүн жаш жубайлар айрым маселелерди алдын ала сүйлөшүп, келе тургандардын табитин, каалоосун ортого салганы ашыкча болбойт. Эгер конокторуңарды үйдө тосо турган болсоңор, меймандарды даражасына, иштеген тармагына жараша бөлүп тоскула. Бел ашып, алыстан келе тургандар болсо жаткан жерине чейин ойлонуштургула. Бул жагы көбүнчө жаш кожойкеге тиешелүү маселелерден.

Кеңешти абайлап сурагыла

Жаңы баш кошуп жаткандар көп адамдан кеңеш сурай берет экен. Аларды ылгап, абайлап кеп-кеңеш алгыла дээр элем. Антпесе айрымдар экөөңөрдүн оюңарды бир заматта четке кагып, ошол эле маалда маанайыңызды түшүрүп коюшу да мүмкүн. Ии баса, айрым жакындарга каржыга тиешелүү сөздөрдү угуза көрбөңүз. Кыскасы, ага үчүнчү адамдарды жолотпой, кулак-мээнин тынчтыгы үчүн жан үрөгүлө.

"Эл эмне дейт?"

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп
Болочоктогу жубайлар, жакшылыкты өзүңөр каалагандай өткөргүлө. "Эл эмне дейт?", "Коноктор кандай кабыл алат?", "Башкалар кандай ойлоп калышат?" деген суроолордон алыс болгула. Үйлөнүү тойду көптөн бери пландап, кыялданып жүргөндөй уюштургула. Жакын санаалаштар түгөйлөрдүн кубанычын тең бөлүшкүсү келсе, Бухарада болсо да жетип келишет. Ошол эле маалда эл көрсүн үчүн чарпылып өз жашооңорду оорлотуп албагыла.

Көп сарсанаа болбогула

Кыргызда "куданыкын кудай камдайт" деген жакшы сөз бар эмеспи, эркектер, үй-бүлө куруу алдында каржылык маселеге анча деле көп баш оорута бербегиле. Жакшылыкка даярдык көрүүдө өз алдынча демилге көтөрүп койсоңуз, ары жагын тууган-туушкан, жоро-жолдоштор көтөрүп кетет экен.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0