БИШКЕК, 25-окт. - Sputnik. Иорданиянын аялдар арасындагы футбол чемпионатында талаа ээлери башынан хиджабы түшүп бара жаткан атаандашын элге көрсөтпөй тосуп калышты. Бул тууралуу RT телеканалы жазды.
Окуя палестиналык жана иорданиялык кыз-келиндер беттеши учурунда болду.
Bigger than sports.
— ESPN (@espn) 23 октября 2019 г.
When a soccer player's hijab started falling off to reveal her hair, her opponents gathered around to provide cover while she fixed it. (via @JordanFA) pic.twitter.com/rSUxM0S5Xe
Оюн маалында иорданиялык оюнчу атаандашынын жоолугун башынан шыпырып кете жаздайт, ал отура калып баш кийимин оңдой баштайт. Ошол маалда атаандаш команданын оюнчулары аз жерден жылаңбаш кала жаздаган кызды элге көрсөтпөй тегеректеп калат.
Оюн ошол маалда жарым мүнөттөй токтоп, трибунадагы эл спортчу кыздардын бул кылганына баа беришти.