БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC турниринин алкагында америкалык Дастин Порьени утуп, чемпиондук наамын коргоп калды.
Аралаш мушташ боюнча UFC 242 турнири Абу-Даби шаарында өттү. Кеченин башкы беттешинде Нурмагомедов Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңди. Мушкерлер 70 килограмм салмакта кармашты. Натыйжада россиялык мушкердин чемпиондук куру өзүндө калды.
Aaand Still.... 🏆 2️⃣8️⃣-0️⃣
— ON: MMA (@OnMMA) 7 сентября 2019 г.
Khabib successfully defends his title in Abu Dhabi 🇦🇪#UFC242 results: Khabib Nurmagomedov def. Dustin Poirier via submission (rear-naked choke) – Round 3, 2:06.
Khabib is now on a 12-Fight win streak inside the UFC octagon.pic.twitter.com/JepUV39G9B
Нурмагомедов алгачкы жолу чемпиондук курга 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны уткандан кийин ээ болгон. Ошол эле жылдын 6-октябрында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес.
He jumped the cage again!
— ESPN MMA (@espnmma) 7 сентября 2019 г.
But this time @TeamKhabib had a hug for @danawhite #UFC242 pic.twitter.com/jX7GRAnzFU
Ал эми атаандашы Дастин Порье UFC уюмунун 70 килограмм салмактагы спортчулары арасында утурумдук чемпион болчу. Наамды быйыл Макс Холлоуэйди уткандан кийин алган. ММА боюнча 25 беттешти утуп, алты ирет жеңилген.