00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Город для машин или для людей: урбанист - о выделенных полосах, велоинфраструктуре и праве на город
08:04
48 мин
Эхо дня
23 сентября 1939 года: в Нью-Йорке заложили капсулу времени с посланием для людей 6939 года
08:53
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Землетрясения, сели, оползни: чем сотрудничество с ШОС важно для Кыргызстана?
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэрияга айына 2 млн. сом беребиз! Аткаминерлерге каарданган соодагерлердин видеосу

Жазылуу
"Ош" базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди. Чогулган эл менен Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-мэр жана аким жолукту.

Бүгүн, 3-сентябрда, "Берекет универсал" кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулуп, мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан. Бирок мэр базарга барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди.

Ош базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты.

Көйгөйдү уккан эл өкүлдөрү ушул убакка чейин аны чечпей, кырдаалды курчутуп жибергени үчүн шаар бийлигине кине койду. Алар жагдай менен толук таанышып чыгып өз көзөмөлүнө ала тургандыктарын айтышты.

Ал эми вице-мэр "Берекет универсал" кичи базарын муниципалдык базарга айлантуу талабын карап чыгууну убадалады. Тосулган жолду ачуу, электр энергиясын улап берүү маселесин чечүү үчүн соодагерлердин төрт өкүлүн алып мэрияга кетишти.

Натыйжада чогулган эл бир жуманын ичинде бийликтен алгылыктуу жооп болбосо жөө жүрүш менен Ак үйгө чейин барышарын айтып тарап кетишти.

Митингге чыккандардын талабы:

— "Берекет универсал" кичи базары жайгашкан жер мэрияга карагандыктан жеке адамга таандык "Берекет" компаниясынын карамагынан чыгарылсын. Эгер муниципалдык базарга айланса, мэрияга бир айда ижара акысынан эки миллион сом түшөт;

— Апрель айында базар жетекчилиги өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү;

— Базарга кетчү жолго коюлган тоскоолдуктарды (жабылган көпүрөнү, тосулган жолду ачуу) алып салуу.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
Эскерте кетсек, "Берекет универсал" кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалууда. Буга каршы болгон соодагерлер жыл башынан бери эле митингге чыгып, мамлекеттик органдарга кайрылып келишет. Алар "эгер базар жабылса, кайда барабыз?" деп нааразы.

Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок соодагерлердин айтымында, анын бир чарчы метри — 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом кетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0