Алмазбек Атамбаев курдурган мечит камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие мечети "7 апрель шейиттери" в Бишкеке
Открытие мечети 7 апрель шейиттери в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган Бишкектеги "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

"Юнусалиев көчөсү, 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты жүзүндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон "Форум илимий-өндүрүш фирма" ААКсына катталган. Андыктан, Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда мечитти курууга кеткен каражат кандай алынганы иликтенип жатканын кошумчалашты.

Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган. Камактагылардын ичинде "Форум илимий-өндүрүш фирма" ААКсы дагы бар болчу.

Кой-Таштагы окуя

Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0