БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченкону эркек мушкер Генри Сехудо кайтадан беттешке чакырды.
ESPN телеканалынын кабарчысы Ариэль Хельвани Шевченконун видео жообун Twitter баракчасына жарыялады.
Take that King of Cringe, @henrycejudo! pic.twitter.com/I7Dykgv3c9
— Ariel Helwani (@arielhelwani) 13 августа 2019 г.
Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 беттешиндеги жеңишинен кийин Сехудо кыргызстандык мушкерди кайтадан беттешке чакырган болчу. Ал дүйнө жүзү боюнча гендерлер арасындагы алгачкы чемпион болорун айткан.
"Анын биринчи чакырыгын укканда аябай күлдүм. Мени жеңишим менен куттуктайт го деп күткөм. Эми менин эки каршылашым бар. Алар кайтадан эле Енджейчик жана Генри Сехудо", — деди Шевченко.
Ал ошондой эле ар бир киши каалоолорунан абайлашы керектигин, болбосо бир күнү анын бардык алтындарынан ажырап калышы мүмкүн экенин эскертти.