UFC уюмунун эркек мушкери Валентина Шевченкого кайрадан чакырык таштады. Видео

© AFP / Sarah StierUFC уюмунун эки салмак категориясы боюнча чемпиону Генри Сехудо. Архив
UFC уюмунун эки салмак категориясы боюнча чемпиону Генри Сехудо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер Валентина Шевченкого ушуну менен экинчи ирет чакырык таштап жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. UFC уюмунун эки салмак категориясы боюнча чемпиону, эркек киши Генри Сехудо кайрадан Валентина Шевченкого чакырык таштады. Ал кыргызстандык спортчуга болгон кайрылуу видеосун өзүнүн Twitter баракчасына жайгаштырган.

​Мушкердин айтымында, ал дүйнөдөгү аялдар менен эркектер арасындагы биринчи чемпион болгусу келет.

"Менин уюлдук аппаратым келген билдирүүлөрдөн жарылып кетчүдөй. Элдин баары эле Валентина Шевченко деген мушкер дүйнө чемпиону экенин айтышууда. Билесиңерби, менде кызганыч жаралды. Анда алтын бар, мен ошону алгым келет! Валентина Шевченко, сага жаңылыгым бар. Мен дүйнөдөгү аялдар менен эркектер арасындагы биринчи чемпион болгум келет. Сени келерки беттешке чакырам", — деди Сехудо.

Спортчу буга чейин дагы Шевченкого чакырык таштаган. Ал эми Валентина анын куру Glock 19 тапанчасы менен корголгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0