Шевченко жеңишинен кийин: Нуньеспи же башкасыбы, келсин, октагондон күтөм!

© AFP / Matthew Stockman / Getty ImagesЧемпионка UFC Валентина Шевченко
Чемпионка UFC Валентина Шевченко  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер наамын экинчи ирет коргоп калды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 турниринин алкагында америкалык Лиз Кармушту утуп алды.

Беттеш бүгүн, 11-августта, Монтевидео (Уругвай) шаарында өттү. Анда 57 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти. Муну менен Шевченко чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калды.

Беттеш бүткөндө Шевченко уругвайлыктар менен учурашып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Андан ринг-анонсер беттеш кандай өткөнүн сураган.

"Кармуштун стили, техникасы, тайминги өзгөчө. Андыктан октагондо бардык ыкмаларды колдонуп, керектүү учурда коргонуу керек болду. Жеңиш үчүн жан үрөп, кокустуктарга жол бербегенге аракет кылдым", — деп жооп берген мушкер.

Ошондой эле алып баруучу ага чакырык таштап, курун тартып алгысы келгендер көп экендигин белгилеп, кийинки атаандашы Аманда Нуньес болушу мүмкүнбү, деги алдыдагы кадамдары кандай болот деп сураган.

"Мен бардыгын ушул жерден күтөм. Нуньеспи же башкасыбы, беттешүүгө даярмын", — деп октагонду сөөмөй менен көрсөткөн Шевченко.

Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченконун UFC турниринде канча акча тапканы белгилүү болду
Кыргызстандык спортчу менен Кармуш буга чейин да октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук куруна 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Наамын биринчи ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы коргоп, аны нокаут менен жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0