Чай ичпей калдым деп таарынба... Өлгөнгө баруу этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековТрадиции по приему гостей в Кыргызстане
Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда "өлүм улук, өлүм ак" деген кеп бар эмеспи. Ал акыры ар бирибиздин башыбызга келе турган нерсе.

Бүгүн адамды акыркы сапарга узатуу маданияты тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди. Мурун-кийин билбеген нерселер болсо, эсиңизге түйүп алыңыз. Анткени сөөк коюу маркумдун жакындарына гана эмес, ага катышкан ар бир киши үчүн татаал процесс.

Андай жерде "кылт" эткендин баары одоно жана орунсуз көрүнө берет.

Атмосферага аралашыңыз

Кээде өтө жакын эмес же жөн гана тааныштардын коштошуу зыйнатына барууга туура келип калат. Бирок маркумдун сизге эч ким эмес экенине карабай, көңүл кош болбоңуз. Бул нерсе кайгыга батып турган жакындарына абдан жаман көрүнөт.

Ачык кийинбеңиз

Өлүм-житим болгон жер акыркы модадагы кийимдерди, кечээ-жакында сатып алган алтын чынжырды же жаңы чач жасалганы демонстрация кыла турган жай эмес. Колдон келишинче жөнөкөй жана күңүрт түстөгү кийим кийген туура. Аялдар юбка кийип, башына жоолук салынуусу керек.

Сүрөткө түшпө

Сөөк койгон жерде жылдап көрбөгөн туугандарга, тааныштарга кезигип каласың. Бирок алар менен дароо сүрөткө түшүп, анысы аз келгенсип социалдык тармакка жарыялай коюу туура эмес. Негизи мындай жерде фотоаппарат колдонбой эле коюңуз. Маркумдун жакындарына бул нерсе катуу тиет. Кийин ал сүрөттөрдү көргөн сайын бул азаптуу күн эсине түшүп турат.

Куру сөздөр

Кол алышып жаткан офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өөп-жыттап жибербе! Кеңседе конок тосуу этикети
Болору болду, адам кетти... Эми анын жакындарына "башка дарыгерге кайрылса болмок экен", "балким мындай кылса жашай турмак", "силер туура эмес кылдыңар" деген сыяктуу сөздөрдүн эч зарылдыгы жок. Ошондой эле адам кантип өлгөнүн, акыркы жолу эмне деп айтканын дагы сурабай кое туруңуз. Бул күндөрү "кайрат кыл", "арты кайырлуу болсун" деген сөздөр жетиштүү. Андан көрө жеңилин жерден алып, оорун колдон алып жардам бере коюңуз.

Тамакка таарынбаңыз

Таңкалычтуу, бирок кээ бир адамдар "өлгөндөн" келгенде "үйү жупуну экен", "чай ичпей калдым", "жакшы устукан тарткан жок" деп сүйлөнүшөт. Туугандар, үй ээси жакынын жоготту. Эгер ал бул жолу силерди хан сарайда, алдыңарга дүйүм тамак тартып тосо албай калса, кечирип койгула.

Телефондун үнүн акырындат

Бир жолу молдо жаназа окуп жаткан жеринен телефонуна бирөө чалса "азыр бош эмесмин, анан чалам" деп жооп берип коюп кайра жаназаны улап кеткен. Элдин баары бири-бирин карап, ыңгайсыз боло түшкөн. Чындап эле бул акыркы сапарга узап жаткан маркумга сыйдын жоктугунан кабар берет. Айтайын дегеним "өлгөнгө" келген бардык адамдар телефондүн үнүн акырындатып же өчүрүп алганы туура болот. Элестетип көрүңүз, жаназа окулуп жатса, сиздин телефондо "Гүлдөй жан" жаңырып турганын.

Коштошуу

Сөөк коюлгандан кийин маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, коштошуп кетүүнү унутпаңыз. Адамдын сөөгү жерге берилгенден кийин жакындары акыл-эсин жыйнап, өздөрүн токтоо кармап калышат. Мындай учурда келгендердин ар бир сөзү маанилүү сезилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0