Батракеева: ЖРТга катышкандардын 62 пайызы 110 баллдан жогору упай алды
Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 43 440 окуучу катышты. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТнын орточо көрсөткүчү 119,5 упайды түздү.
"ЖРТга жалпы 43 440 адам катышып, алардын 62 пайызы 110 баллдан жогору упай алды. Максималдуу балл 238ди түздү. Ал эми орточо эсеп 119,5 баллды көрсөттү", — деди Батракеева.
Ал жүйөлүү себептер менен ЖРТга кире албай калгандар үчүн 22-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында тестирлөө болорун жана 20-июнь каттоонун акыркы күнү экенин кошумчалады.