БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Тынчтыкты сүйүү боюнча глобалдык индекс" рейтингинде (Global Peace Index) Кыргызстан 13 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана тынчтык институту билдирген.
Рейтинг өлкөдө жашоо канчалык коопсуз экенин аныктайт.
Аны түзүүдө коомдун ынтымагы, адам укугунун сакталышы, саясий жана экономикалык туруктуулук, террор коркунучунун деңгээли эске алынат.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдына эч кимди салбай, 64-орунга чыкты. Экинчи орунда — Кыргызстан, үчүнчүдө Өзбекстан (102-орун). Эң төмөнкү көрсөткүч Түркмөнстанда (115-орун).
Дүйнө жүзү боюнча эң тынч өлкө деп Исландия аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия, Дания, Канада, Чехия, Сингапур, Япония жана Словения кирди.
Былтыр эң кооптуу өлкө деп Афганистанды табышкан.