00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кодуранова судьяны адилетсиз деп айыптап, ага Жогорку сот жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии
Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП экиге бөлүнүп, бир тарабын партия мүчөсү, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеп калган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кундус Исаеваны бир катар мыйзам бузууларга жана адилетсиздикке айыптоодо.

Логотип фракции СДПК. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
КСДП Бишкекте митинг өткөрдү. Тексттик трансляция
Эске салсак, КСДП экиге бөлүнүп, бир тарабын партия мүчөсү, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеп калган. Учурда саясий бирикменин башына депутат Кодуранова келди.

Депутаттын айтымында, судья Исаеванын 7-июндагы чечими "күмөн санатып жатат". Маалыматка караганда, партия 2019-жылдын 28-майында Юстиция министрлигине кайрылып, Юридикалык тараптардын бирдиктүү реестрине КСДПнын жаңы жетекчилеринин атын киргизүүнү өтүнгөн. Анда төрагалыктан кеткен Алмазбек Атамбаевдин ордуна милдетин аткаруучу катары Асел Кодуранованын ысымы жазылышы керек болчу.

"Исаева эмне себептен тараптарды чакырбай туруп, КСДПнын мыйзамдуу жетекчиси кылып Сагынбек Абдрахмановду койгонун түшүндүрүшү керек. Ал жогору жактын тапшырмасын аткарып жаткандай элес калтырууда", — деди Кодуранова.

Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
"Биз чимкирик эмес, кыргыз элинин элитасыбыз!" Депутат Рыспаев ачууланганда
Депутат Исаеванын аракетине укуктук баа берилиши үчүн Соттор кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссияга кайрылуу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал судья менен Юстиция министрлигинин аракеттери "жогору жактан" жөнгө салынып жатышы мүмкүн деп бүтүм чыгарууга себептер бар экенин кошумчалады.

Ал эми Жогорку соттун маалымат кызматы төмөнкүчө маалымдады. 6-июнда Абдрахманов башында турган КСДП Биринчи Май райондук сотуна партиянын 6-апрелдеги ХVIII съездин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын жазган. Дал ошол иш-чарада Кодуранова Атамбаевдин ордуна дайындалган. Соттук отурум 19-июнга белгиленген. 

"Ошол эле учурда Абдрахманов дагы сотко кайрылган. Анын талабы — Юстиция министрлигине КСДПнын жетекчилигинин аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салдыруу болду",  — деп айтышты Жогорку соттон. 

Жогорку соттон түшүндүрүшкөндөй, доо арызды кароо боюнча чечимди судья тараптардын катышуусу жок эле өз алдынча кабыл алат.

Маалымат кызматы сот чечимине макул болбогон тараптар мыйзамга ылайык жогорку инстанцияга кайрыла аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0