Логотип фракции СДПК. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан

КСДП Бишкекте митинг өткөрдү. Тексттик трансляция

Жазылуу
Бүгүн, 8-июнда, Бишкекте Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы "Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн" аттуу митинг уюштурууда.

Акция 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Форум" имаратынын алдында өтүп жатат.

Иш-чарага өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары, саясий партиялардын, коомдук кыймыл жана бейөкмөт уюмдардын лидерлери да келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерде жүрөт. Макала улам жаңыланып, жаңылыктар, митингдин сүрөт жана видеолору менен толукталып турмакчы.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:17 08.06.2019

Митинг соңуна чыкты. Алмазбек Атамбаевди эл курчап, сүйлөшүп, сүрөткө түшүп жатышат. Экс-президент коштоочулары менен "Форум" имаратынын ичине кирип кетти.

Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
13:15 08.06.2019

Митингдин резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Андагы шарттар аткарылбаса, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы коюлду.

13:13 08.06.2019

Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин сөзүнөн кийин экс-президент саясаттан кетпей турганын белгиледи. Анын айтымында, "Атамбаевдин миссиясы аяктай элек, саясий элитаны алмаштыруу боюнча иштерди аткара бермекчи". Жолдубаева экс-президент тарыхта кала турган адам экенин кошумчалады.

13:09 08.06.2019

Сөз сүйлөө үчүн сахнага Асел Кодурановга чыгып, митингдин резолюциясы менен тааныштырууда.

Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
13:07 08.06.2019

Алмазбек Атамбаев сөзүн аяктап, элге ыраазычылык билдирди.

12:46 08.06.2019

Экс-президент өз сөзүндө "мурунку бийликтин" дарегине карата негизсиз айыптоолор айтылып жатканын белгилеп, Жээнбековдор да ошол бийликтин учурунда жогорку кызматтарда иштегенин айтты.

12:35 08.06.2019

Сахнага сөз сүйлөө үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев чыкты. Аны эл кол чаап, сүрөп тосуп алды. Атамбаев сөзүн орус тилинде даярдап келгенин айтып, расмий тилде сүйлөй баштады.

11:58 08.06.2019

Азыркы тапта Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сүйлөп жатат. 

Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:35 08.06.2019

Митингдин модератору, партия жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева сүйлөө үчүн сахнага укук коргоочу, Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновду чакырды.

11:33 08.06.2019
11:29 08.06.2019

Ушу тапта митинг башталып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев сүйлөп жатат.

11:25 08.06.2019

Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев келип, биринчи катардан орун алды. Жанында Фарид Ниязов, депутаттар Анвар Артыков, Асел Кодуранова жүрөт.

Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:14 08.06.2019

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы митинг өтчү жерде. Ал акциянын уюштуруучуларына таянуу менен митингге аймактардан да өкүлдөр келип жатканын билдирди. 

11:11 08.06.2019

Белгилей кетсек, митинг "Коррупция менен реалдуу күрөш" деген аталыш менен өтмөкчү.

10:59 08.06.2019
Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:57 08.06.2019

Ушу тапта "Форумдун" алдына адамдар чогулууда. Имараттын алдында отургучтар тизилип, четинен эл келип жатат. Сүрөттөрдөн Кыргызстандын жана КСДПнын желектери желбиреп турганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0