00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Искендер Матраимовдун ишкер жубайы Минавар Жумаева тууралуу 5 факты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов
Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулукта бир тууган Матраимовдор тууралуу чуу башталгандан бери Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева дагы эл оозуна алынды.

Дегеним, "Азаттык" радиосунун "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөөсүндө анын дагы бир нече бизнеске ээлик кылары айтылды.

Муну депутат Матраимов өзү тастыктап, аялы 1995-жылдан бери ишкерлик менен алектенерин белгиледи.

Депутаттын жубайы Жумаева тууралуу ЖМКларда дээрлик жазылган эмес. Андыктан жолдошунан жана ачык булактардан алынган маалыматтарды сунуштайбыз.

Жашы жана жашаган жери

Минавар Жумаева 1963-жылдын 26-мартында туулган. 2017-жылкы президенттик шайлоодо Ош шаарынын шайлоочуларынын тизмесинде болгон. Ал эми депутаттын өзүнүн айтымында, азыр үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында турат.

Үй-бүлөсү

Пленарное заседание Государственной Думы РФ - Sputnik Кыргызстан
"Райым миллиондун" Финполдогу иниси кызматынан кетти
Төрт баланын энеси. Уулдарынын улуусу — Мирланбек Исмаилов. ЖМКлар анын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси экенин жазышкан. 33 жаштагы жигит Матраимов деген фамилиясын өзгөртүп, чоң атасынын ысымына өткөн. Ал эми экинчи уулу ишкерлик кылат. Атасынын айтымында, жубайы көзөмөл кылган бизнес ушул баласына бой жеткенде өткөн. Баса, депутат 3-июнь күнү 5-каналдын түз эфиринде сүйлөп жатып, Ош шаарындагы эки "Народный" дүкөнү анын үй-бүлөсүнө тиешелүү экенин моюндады. Уулдарынан тышкары, жубайлардын эки кызы бар.

Санабар Бахапованын кызы эмес

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар депутат Искендер Матраимов Мамлекеттик мүлк комитетинин мурдагы жетекчиси Санабар Бахапованын күйөө баласы экенин айтып дагы, жазып дагы келишкен. Бирок бул маалыматты 4-июнь күнү эл өкүлү өзү төгүндөгү. Анын айтымында, Минавар Жумаева Санабар Бахапованын кызы эмес. Бирок депутат мындай сөз аларды эмнеге ээрчип жүргөнүн түшүндүргөн жок.

Юстиция министрлигинде катталган мүлкү

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Матраимовдордун чуусу: өкмөт 700 млн. доллардын чыгышы тууралуу 5 жыл мурун билген
Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, Жумаева Минавар Шабыевнанын атына үч ишкана катталган. Алардын бири — "АвтоСТОлица" ЖЧКсы, кыймылсыз мүлктү башкаруу менен алектенет деп көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү — Канатбек Маматов менен Минавар Жумаева. Экинчиси — "Пальма и К" ЖЧКсы. Шаар ичинде жана сыртында эл ташуу менен алектенген бул ишканага жалгыз гана Минавар Жумаева ээлик кылары айтылган. Негиздөөчү жана жетекчиси да өзү. Депутаттын жубайына "Ош-Плаза" ЖЧКсы дагы таандык. Ал кеңири колдонулуучу товарларды сатары көрсөтүлгөн.

factcheck.kg сайтынын жазганына караганда, "АвтоСТОлица" ЖЧКсы "Эльдорадо" соода борборуна ээлик кылат. Ушул эле сайттын Politmer менен биргеликте даярдаган материалында Жумаеванын Асанбай кичи районунда 176,9 чарчы метрлик батири бар экени айтылган. Бул жерде депутат "2018-жылы сатып алганбыз" деген үй тууралуу сөз болуп жатышы мүмкүн.

Декларациядагы мүлкү

Декларацияга депутаттар менен аткаминерлер өздөрүнүн гана эмес, жакын туугандарынын дагы мүлкүн көрсөтүшү милдет. 2017-жылкы мүлкүнө депутат жакын тууганы катары жубайын көрсөткөнүн айтты. Анда Жумаева 2 миллион 155 миң сом иштеп тапкан экен. Мындан тышкары, анын 1,4 миң чарчы метрлик турак үйү (кайсы экени көрсөтүлгөн эмес) жана 1,5 миллион сомго бааланган акциясы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0