00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Как одна идея объединила молодёжь вокруг памяти о Великой Победе
16:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бишкеку 147: какими изменениями в городе гордится мэр столицы
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Фин согушунан баштап, Улуу Ата Мекендик, кийин япондорго каршы согушка катышып кайткан Какчеке Төлеев
19:07
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Бинты и шприцы за свой счёт: почему бесплатной медицины в КР больше нет
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Райым миллиондун" Финполдогу иниси кызматынан кетти

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Государственной Думы РФ
Пленарное заседание Государственной Думы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын мурдагы орун басарынын Финполдогу бир тууган иниси тууралуу коомчулукка Райым Матраимовдун мүлктөрү текшериле баштаганда белгилүү болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алдындагы Коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын начальниги (ЭКККК, Финпол) Исламбек Матраимов кызматтан кетти. Бул туурасында агасы, ЖК депутаты Искендер Матраимов 5-каналдагы эфир учурунда журналист Али Токтакуновдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Мындай маалыматты Финполдон дагы тастыкташты. 

Эфир "Азаттык" радиосунун Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылышына арналып, териштирүү маалында кызматтан четтеп турууга даярсыздарбы деген суроо жаңырган. 

"Иним (Исламбек Матраимов) Финполдон арызын жазып кетти. "Конфликт интересов" болбойт. Эгерде керек болсо мен төраганын орун басары болгон комитеттен да кетем", — деди депутат.

Эске салсак, ал Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иштөө боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Буга чейин Дастан Бекешев депутат Искендер Матраимовду Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгынын орун басарлыгынан кетүүгө чакырган. Андан сырткары Финполдо иштеген Исламбек Матраимовго да кайрылган. Кеп "Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган материалдардан кийин болгон.

Депутат ЖК Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимов байлыкка кантип жеткенин айтты
Иликтөөдө чет өлкөгө ири суммада алып чыгарылып кеткен каражаттар жана алардын бир тууган Матраимовдорго тиешелүү экендиги айтылган. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырган.

Финансы полициясынан Исламбек Матраимов кызматынан 2019-жылдын 22-майында депутаттын билдирүүсүнө жана материалдын эфирге чыгуусуна бир апта калганда кеткендигин билдиришти. Анткен менен ал 2019-жылдын февраль-март айында акы төлөбөгөн эмгек өргүүгө кеткен.

Бажы кызматынын мурдагы орун басарынын бир тууган иниси Исламбек Матраимов жөнүндө коомчулукка Райым Матраимовдун мүлктөрүн текшере баштаганда белгилүү болгон.

Анткен менен ушул эле мамлекеттик орган Райым Матраимовдун текшерүүгө бел байлап, бирок жыйынтыгы тууралуу маалымат бериле элек.

Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Дамир Сагынбаев Райым Матраимовдун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштеген иниси экс-бажычы агасынын мүлкүн текшерип чыгууга бут тосо албайт деген

28-майда Абылгазиев Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырган эле. Эртеси Финпол Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду мыйзамсыз байыган деген маалыматтын тегерегинде сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0