Кыргызстандын пара пауэрлифтингчилери дүйнө чемпионатына катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековШтанга көтөрүп жаткан оор атлетчи. Архив
Штанга көтөрүп жаткан оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар учурда Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат. Даярдык көрүү аракеттери 3-июнга чейин уланат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын спортчулары учурда Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат. Даярдык көрүү аракеттери 3-июнга чейин уланат.

"2020-жылы боло турчу паралимпиадалык оюндарга тандоо этабы Астана шаарында 29-июндан 6-июлга чейин өтөт. Ага 90 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын намысын коргой турчу спортчулардын тизмеси:

  • Жыргалбек Оросбаев;
  • Максат Аргымбаев;
  • Адилет Камчыбеков;
  • Азизбек Замирбек уулу;
  • Азизбек Довранов.
Жаңылыктар түрмөгү
0