Кыргызстандык жигит, Бишкек шаарынын тургуну Михаил Дудин асманга дронун көтөрүп, Ош шаарынын сүрөттөрүн сонун кылып тартып чыккан. Алды кийин байыркы калааны минтип эч ким тарта элек болчу.
Сүрөттөр май айындагы Ош шаарынын кооздугун берип турат.
"Ош — Кыргызстандын түштүк борбору. Жакшынакай, колориттүү жана байыркы шаар", — деп жазган сапарга таасирленген адис.
Буга чейин Дудин Бишкектен Сузакка чейин барган жолу 17 мүнөттө баяндап берген.

1/14
© Фото / Михаил Дудин
Байыркы шаардын көркү, ай! Артта сырдуу болуп Сулайман-Тоо турат.

Салтанаттар, мааракелер өткөн борбордук аянт. Ал жердин дагы бир уникалдуулугу — Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат.

Акматбек Сүйүнбаев атындагы ири стадион. Бул Оштогу ири иш-чараларды өткөрө турган, жаңы гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонууга берилген жай.

4/14
© Фото / Михаил Дудин
Борбордук аянттын ары жагы эл жашаган аймак болсо, бери жагы "Сүйүү" деп аталган сейил багы. Жалпы аянты 3 гектар дешти.

5/14
© Фото / Михаил Дудин
Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театры Ош шаарынын дагы бир маанилүү жайларынын бири.

6/14
© Фото / Михаил Дудин
Ош калаасын аралай аккан кадимки "Ак-Буура" дарыясы.

7/14
© Фото / Михаил Дудин
Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу. Бул Оштогу флагман окуу жайлардын бири. Учурда анда 30 миңге жакын студент билим алат

Атактуу, айтылуу Сулайман-Тоо! Бул жер жергиликтүү жашоочулар үчүн ыйык жайлардын бири деп эсептелсе, сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу жай. 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.

9/14
© Фото / Михаил Дудин
Алишер Навои атындагы сейил бак.

10/14
© Фото / Михаил Дудин
Батып бара жаткан күн. Сулайман-Тоонун башка тарабы.

Чет өлкөдөгү башка бир кооз жай деп ойлой көрбөңүз. Бул — Сулайман-Тоонун этеги жана ал жердеги мечит! Сонун сүрөттөрдүн катарын толуктаган эмгек.

12/14
© Фото / Михаил Дудин
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр түшө баштаган жаңы райондордун бири.

13/14
© Фото / Михаил Дудин
12 кабаттуу имараттын төбөсүнө салынган боз үй тибиндеги курулуш. Бул да архитектуралык жактан алып караганда өзүнчө бир кооздук.

14/14
© Фото / Михаил Дудин
Ош шаарынын панорамасы.