БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды.
Иш-чарадан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Владимир Норов журналисттердин алдында сөз сүйлөшөт.
Жыйындын катышуучуларынын тизмеси:
- Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж;
- Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов;
- Кытайдын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И;
- Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
- Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Шах Махмуд Куреши;
- Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров;
- Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин;
- Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов;
- ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов;
- ШКУнун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруучу комитетинин директору Жумахон Гиесов;
Быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрагалык кылууда.
ШКУнун жыйынынан кийин ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот.