9-классында үй курган жазуучу көзү тирүү болгондо быйыл 74 жашка чыкмак.
— Беганас Сартовдун ысымы өзгөчө. Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылардан мурда атынын тарыхына токтоло кетсеңиз...
— Агам 1945-жылдын 15-августунда Чүй боорунда төрөлгөн, жети бир туугандын улуусу. Атам Соң-Көлдүн кулуну, апам Сары-Өзөндүн кызы болгондуктан ушул жакта туруп калышкан экен. Беганас деген ысым кыргыздарда байкемдин атынан кийин пайда болду окшойт. Өзгөчө ысым ыйгарылган жазуучунун аты эле эмес, төрөлүшүнөн баштап кыска, бирок нускалуу сүргөн өмүрү да кадимки адамдардан айырмаланып тургандай.
Ата-энемдин көз ачып көргөн тун уулу төрөлүп, үйгө коңшулар келгенде 90 жаш чамасындагы бир чечен байбиче басып келип: "Баланын атын мен коёюн",- дептир. Улуу адамдын мындай сунушуна баары макул болушуптур. "Аты Беганас болсун, бул "ак жылдыз" дегенди түшүндүрөт. Уулуң чоңойгондо ааламды жазган атактуу жазуучу болот",- деп айткан экен. Ал кемпир согуш убагында Чүйгө келип туруп калган экен. Элге деле көп аралашпаган байбиченин өзү келип ымыркайга ысым ыйгарышын агамдын фантастикалык жанрдагы жазуучу болуп чыга келишине байланыштырып жүрүштү.
— Агаңыз төрөлгөндө эле сырдуу окуяларга күбө болгон тура. Ал эми бала чагында кандай уул болду экен?
— Ата-энем, бир туугандарым агамды эстегенде алгач эле анын токтоолугун, эч нерседен коркпогон тайманбастыгын жана чоң кишилердей болуп чечимди бат кабыл алып, ой жүгүрткөндүгүн айтышар эле.
Согуштан кийинки жылдар, каатчылык. Ата-энем малчы болгондуктан, көчүп-конуп жүрүшкөн. Агам беш жашка чыкканда адаттагыдай эле Суусамырга көчүп жөнөшөт. Атам ортончусун, апам эмчектеги баласын өңөрүп мал менен кетип баратышыптыр. Ал эми Беганас байкемди өзүнчө бир атка мингизишиптир. Кадыресе чоң кишидей ээрге бекем отуруп, атты "чү-чүлөп" жолго чыгыптыр. Бийик аскалардын арасынан өтүп баратканда алдынан ит чыга калып ат үркүп кетет. Байкемди ала качкан атты көргөндө апам өзүн жоготуп эле алдындагы ымыркайын жерге кое салып, артынан жүгүрүп жөнөптүр. Бир топ барган соң бийик тоолор бүтүп, шагылдуу жылгада ат турат дейт. Жанында агам буту-колун сунуп эле уктап жаткандай. Коркуп кеткен апам бетин алаканы менен жаап, шагыл менен сыйгаланып баласына чуркаптыр. "Күрүлдөп кулаган таштан ойгонуп кеткен бала эч нерсе болбогондой жылмайып тура калган. Бутунда жаңы алып кийгизген өтүгүнүн тамтыгы кетип айрылган. Мындай бийик жерден аттан кулаган баламдын кантип эч жери эч нерсе болгон эмес",- деп апам кийин деле жакасын карманып эстеп калчу.
Ал эми 9-классында өз колу менен там салган. Ата-энебиз малчы болгондуктан тоо-ташты аралап көчүп, курулушка деле убактылары болбоптур. Беганас байкемден кичүүсүнүн аты Баянас, бирок паспортуна Абакир деп жазылып калган. Ошол агаларым бири 9-класс, экинчиси 8-класста окуп жатышкан кезинде үй курмак болушат. Ойлорун жөн эле сөз боюнча калтырып койбой, кадимкидей курулушту башташат. Пайдубалын казып жатып бир аял кишинин кабырына туш болушат. Анда да агам коркпой, сөөктү дыкаттык менен чогултуп, башка жакка алып барып көмүп, куран түшүрүп кайтат. Бул окуяны кийин, үйдүн курулушу бүтүп жашап калышканда эстеп, ата-энебизге айтып беришсе, алар бир чети чочуп, бир чети баласынын токтоолугуна сүйүнүшөт. Ошол там азыркыга чейин бар.
— Беганас Сартов алгачкы чыгармаларын качан жаза баштаган?
— Агам тунгуч аңгемелерин, ырларын 15 жашында мектептеги дубал газетага жарыялап турду. Ошондогу фантастикалык жанрдагы аңгемелерин азыр окуп көрсөм, илимди түшүнгөн, ой чабыты кенен эле бир улуу адам жазгандай сезилет. Ал абдан шашып жашап өттү. Чыгармаларын да бир нерседен кеч калчудай, бул дүйнөгө жаралган милдетин тез арада өтөп бүтүшү керектей жазды. Ал тургай, "33 жаштан өтүп кетсем, анда 90го чейин жашайм" деп өзүнүн айтканы бар. Анда буга эч ким деле көңүл бурбаптыр. Ал кезде жашоо образы ушундай болчу, баарыбыз эле атеисттик көз караш менен чоңойдук. Бирок атабыз 12 жашынан намазын үзбөгөн, куранды кыраатын келтире окуган момун киши эле. Атам менен Беганас байкемдин ортосунда да ушул темада көп талаш-тартыштар жаралып турчу. Ал чыгармаларын илимге ыктап жазып, Кудай жок дегенден тажабаса, атам ага Кудайды таанытуудан чарчачу эмес. Мунун негизинде талаш-тартыштары күчөп калган маалда апам тыйып коёр эле. Бул көрүнүштү сиздер "Мамыры гүлдөгөн маалда" повестинен Мелистин образынан да байкай аласыздар.
Бирок өлөр алдында атама келип: "Ата, кечириңиз, Кудай бар экен көрсө",- деп айткан.
Чаекке барган соң достору менен сүйлөшүп отурганда эле оозунан кан кетип, өзүн жоготот. Курдаштары райондук ооруканага алып барып таштап коюшат. Өкүнүчтүүсү, жанында бирөө-жарымы калып же кийин барып кабар алып коюшпаптыр. Агам ошол ооруканадан эле жан берди.
— Аз өмүрүндө опол тоодой эмгек жаратканга жетишкен жазуучу, акын өз кесиптештеринин арасында да өтө жигердүү болгон экен...
— Ооба, ал абдан патриот болчу. Кыргыз адабияты өнүксө, кыргыз жаштары өссө дегенде ичкен ашын жерге койгон инсандардан эле. 70-жылдары "Тоо жылдызы" деген ийрим түзүп, анда жаш калемгерлердин чыгармаларын талкуулашып, сындашып, бири-бирине багыт берип, айтор, кыргыз адабиятынын келечектеги жүгүн көтөрчү инсандардын башын бириктирген. Айгүл Узакова, Калчоро Көкүлов, Сталбек Бактыгулов, Нургүл Ногойбаева, Салтанат Орозобекова жана башка белгилүү инсандар ошол адабий ийримден тушоолорун кескен экен. Ал эми Асан Жакшылыков болсо байкемдин жакын жолдошу болгон. Негизи ушул 60-70-жылдары өтө бир жалындаган кыргыздын жаштары жаралыптыр десек аша чапкандык болбос. Ушул эле чыгармачылык чөйрөнү ала турган болсок, азыркы "Орто-Сай" базары турган жерде жаңы конуш түптөп алып бири-бирин колдоп, сынап, келечек үчүн, мекен үчүн чоң-чоң эмгектерди жаратканга дилгирленген жаштар жашаган экен. Агама кошуна болуп Табылды Муканов, Аман Токтогулов сыяктуу чыгармачылыгы али изилдене элек инсандар турушкан.
— Балдарынан атасынын талантын алып жүргөндөрү барбы?
— Агамдын өз балдары тарбиялуу, шаарда чоңойсо да кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн, тууганчыл болуп өсүштү. Бирок кичүү кызынан башкасы чыгармачылыктан алыс, башка кесип ээлери болушту. Ошентсе да уучубуз куру эмес, Беганас байкемден кийинки агам Абакирдин (азан чакырып коюлган аты - Баянас) кызы Шахсанем Мюррей учурда Шотландияда жашайт. Ал батыш адабиятына аралашып, белгилүү болуп келе жаткан жазуучу десек болот. Бул кызыбыздын чыгармачылыкка келишинде да сыр жатат. Түшүндө Беганас байкем чоң кызыл тууну берип, "бул менин чыгармачылыгым, эми сен улант" деп айткан экен. Ошондон тартып эле өзү да жазып, агамдын чыгармаларын да англис тилине которуп басып чыгарды. Шотландияда эле эмес, батыш адабият сүйүүчүлөрүндө кыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун чыгармалары абдан популярдуу болуп, окурмандар арасында кызыгууну туудуруп, адабият чөйрөсүндө талкуу жаратып келет. Бул биз үчүн ары кубаныч, ары сыймык.
— Кыргыз адабиятында фантастика жанры бай эмес экени маалым. Жазуучунун чыгармалары ушул күнгө чейин эле өзүнүн илимий баалуулугун жоготпой, ал тургай, фантастика менен илимий чыгармалардын ортосундагыдай таасир калтырып келет. Мамлекеттин тиешелүү органдары тарабынан андан ары жайылтууга, таратууга кандайдыр бир аракеттер көрүлдүбү?
— Тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан тарта кыргыз адабияты солгундай түшкөн. Ал абалдан азыркы күнгө чейин эле чыга албай келебиз. Андыктан, байкемдин чыгармаларына мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп же жок дегенде чыгармалар жыйнагын чыгаруу боюнча деле демилге көтөрүлгөн эмес. Бирок биз, жакындары, өзүбүздүн аракетибиз менен 1995-жылы 50 жылдык юбилейине карата "Эридиана" деген аталыштагы чыгармалар жыйнагын кайрадан басып чыгарганбыз.
Албетте, адабият аксап турган учурда агамдын чыгармаларына экинчи өмүр берип, алгылыктуу иштер колго алынса жакшы болмок. Анын ар бир чыгармасына тасма тартса жарашат. Бул аны кандашым болгону үчүн мактаганым эмес, чыгармаларындагы илимий көз караштар, окуялардын курчтугу, жөнөкөйлүгү, анын чебер сүрөттөлүшү жаштарга эстетикалык байлык тартууламак.