Жөө жүрүштүн катышуучулары Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп, Байтик баатыр — Абдрахманов көчөсүн бойлой Дайыр Асанов атындагы сейил бактан "Жеңиш" аянтына чейин жөө басышты.
"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россияда, Казакстанда жана Украинада белгиленген. Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн. Андан кийин бул акцияга Израиль, Кыргызстан жана Белоруссия да катышкан. 2014-жылы Бишкек шаарында өткөн акцияга миңге чукул эле адам келсе, 2018-жылы 45 миң, бул ирет 50 миңден ашуун адам чогулду.

Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү

Чогулган эл саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан Өчпөс отту көздөй жөнөштү

Катышуучулар Байтик баатыр/Абдрахманов (мурдагы Советский) көчөсүн бойлой жөө басышты

Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, быйыл акцияга былтыркыга салыштырмалуу беш миңге көп — 50 миңден ашуун адам катышты

Ар биринин колунда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрү

"Өлбөс полкко" көзү тирүү ардагерлер да катышты. Аларды унаалар менен алып жүрүштү

Ардагерлердин чөбөрө-кыбыралары. Көпчүлүк ата-энелер балдарын кошо ала барышкан. Ал тургай аларга аскер кийимин да кийгизип коюшкан

Аскер кийимин кийген кыздар

Советтер Союзунун желеги. Акциянын негизги атрибуттарынын бири

Жөө жүрүшкө чыга албагандар минтип үйүнөн болсо да катышууга жетишти

Кыргызстандын желегин көтөргөн аскер

Акцияга бул кишидей велосипед менен да чыккандар болду

Жөө жүрүштү көркүнө чыгарган аскерлер

Мамлекет башчы Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүнө чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыкты. Жанындагы бала президенттин бир тууган иниси Жыргалбек Жээнбековдун уулу

Баш-аягы көрүнбөгөн "Өлбөс полк"

Акцияга ат менен келген өзгөчө катышуучу

Саат 12:30да чогулган элдин көбү "Жеңиш" аянтында болуп калышты

"Өлбөс полк" өчпөс отко келгенде "Жеңиш вальсы" башталды

Согуштан курман болгондор эскерилип, гүл коюлду

Эч ким, эч качан унутулбайт!
