Полктун уул-кыздарынын пайда болушу
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Фашисттердин мыкаачылыгынан советтик балдардын көбү ата-энесинен жана бир туугандарынан айрылган эле. Өспүрүмдөр партизандар жана Кызыл армиянын катарына баскынчылардан өч алыш үчүн кошулган. Тарыхчылардын пикиринде, дал ушул өспүрүмдөр айрым учурларда фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарда партизандык кыймылдарды уюштурганга түрткү болгон. Алар артка чегинген советтик аскердик бөлүктөр менен немистердин таштап кеткен курал-жарагын чогултуп, токойго катып, кийин партизандарга беришкен.
Партизандык отряддар жана полктун уул-кыздарынын каармандыгы
Расмий маалыматка таянсак, Улуу Ата Мекендик согушка өспүрүм курактагы 300 миңге жакын балдар менен кыздар катышкан. Анын ичинен белорус партизандык кошуундарда 74 500 уул-кыздар курал көтөрүп, немистерге каршы согушкан. Өспүрүмдөр мусапыр болуп же мал кайтарган бала өңдөнүп, душмандын тылында чалгын иштерди жүргүзгөн. Мындан сырткары, алар чоңдор менен катар немистердин тылында темир жол, көпүрөлөрдү жардырып жана башка диверсиялык жумуштарды жасашкан. Ал эми туткунга түшкөндөрдү фашисттер дароо эле кыйнап өлтүрүшкөнү белгилүү. Мындай эрдиги үчүн Леня Голиков, Валя Котик, Марат Казей, Александар Чекалин өңдүү өспүрүмдөргө курман болгондон кийин "Советтер Союзунун Баатыры" наамы берилген.
1944-жылы өлкөбүз Чекалиндин баатырлыгына жогорку баа берип, Тула облусунда жайгашкан мурдагы Лихвин шаарына анын ысымын ыйгарган. Александрдын иниси Виктор да полктун уулу эле. Ал "ага лейтенант" наамында Жеңишти Берлинден тоскон. Көпчүлүк учурда фронт өткөн жерде жетим балдар жана кыздар көп болгондуктан советтик жоокерлер менен суучулдар боору ооруп, ал балдар менен кыздарды асырап алышкан. Мындан сырткары, өспүрүмдөр фашисттерге каршы күрөшүш үчүн атайын фронтко качып да келишчү. Ал эми кээ бир офицерлер балдарын тылга таштай албай, фронтко алып кеткен. Тарыхта бул өспүрүмдөрдү полктун уулдары менен кыздары деп аташчу. Аскердик деңиз флотунда мындай балдарды юнга деп коюшчу.
Полктун балдарын аскердик бөлүктөр толугу менен камсыз кылып, аларды ар түрдүү чарбалык иштерди аткарганга чектечү. Кыздар госпиталдарда санитар болуп иштечү. Мисалы, атактуу советтик актриса Элина Быстрицкая 13 жашында өз ыктыяры менен 1941-жылдан 1944-жылга чейин аскердик вагон ооруканасында адегенде санитарка, андан соң медайым болуп иштеген. Мындай күжүрмөн эрдиги үчүн "Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы" ордени менен сыйлаган.
Советтик армиядагы эң кичинекей жоокер 6 жашар Сережа Алешков болгон. Согушка чейин Сережанын үй-бүлөсү Калуга облусунун Грынь айылында жашачу. Согуш башталганда атасы менен эки агасы фронтко кеткен. Атасы кан майданда каза болот. Айылын немистер басып алып, Алешковдун энесин жана 10 жашар агасы Петяны партизандарга жардам бергени үчүн өлтүрүшөт. Сережа фашисттерден токойго качат. Адашып, бир жума ачка калат. Ошондо аны кокусунан 142-гвардиялык аткычтар дивизиясынын чалгынчалары таап алышат. Аянычтуу абалын көргөн дивизиянын 47-гвардиялык аткычтар полкунун командири, жаш майор Михаил Воробьев кичинекей баланы бөлүктө калтырат. Ошентип Сережа полктун уулу болуп калат. Алешковдун эң башкы милдети — жоокерлерге ок жана үйдөн келген каттарды ташып берүү эле. Тыныгуу учурунда ал аскерлерге ырдап берчү. Сережа бүт дивизиянын сүймөнчүгү болсо да майор Воробьев аны өз баласындай көрчү. Кийин ал Алешковду асырап алат. Сталинграддагы салгылашууда Сережа экинчи атасынын өмүрүн сактап калганы да маалым. Баланын мындай эрдигин уккан 8-гвардиялык армиянын аскер башчысы, даңазалуу генерал Василий Чуйков ага "вальтер" тапанчасын белек кылат. Ал эми мамлекет Сережанын каармандыгын баалап, "Күжүрмөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйлайт.
Полктун уулдары менен кыздары жоокерлердин өмүрүн сакташ үчүн курман да болгон. 17 жаштагы Маша Щербак Курск салгылашуусунда оор жараат алган аскерге медициналык жардам берип жаткан учурда жанына снаряд жарылат. Маша жарадар болгон жоокерди коргоп, аны денеси менен жаап курман болот. Ал эми 1944-жылы 23-июнда 13 жашар Петя Филоненко Гомель Бобруйск трассасында жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кайталайт. Петя денеси менен дзоттун амбразурасын жапкан. Эң кызыгы, ал оор жаракат алса да тирүү калган эле. Жарым жылдын ичинде дарыгерлер ага 12 операция жасап өмүрүн сактап калышкан. Филоненко ооруканадан чыккандан кийин кайра катарга кошулуп, полку менен Берлинге чейин жеткен. Петяга окшоп полктун далай уулдары Жеңишти Берлинден тосуп, фашисттик Германиянын символу болгон Рейхстагда "Биз жеңдик" деп кол тамгасын калтырышкан.
Ошол эле учурда өспүрүмдөр тылда да күнү-түнү уктабай талаада, завод-фабрикаларда жана аскердик госпиталдарда иштеп, Улуу Жеңишти жакындатканын унутпашыбыз керек.
"Эгер мен өлүп калсам..."
1944-жылы белгилүү советтик жазуучу Валентин Катаев "Полктун уулу" аттуу повестин жазат. 1943-жылы ал кан майданда аскердик корреспондент болуп иштеп жүрүп, аскердик бөлүктө советтик жоокердин формасын кийген өспүрүмгө көзү түшөт. Катаев бала жөнүндө полктун командиринен сурайт. Командир ал баланы чалгынчылар токойдогу жер төлөдөн таап келгенин айтат.
Катаев фронтто мындай полктун уулдары менен кыздардын далайын көрөт, бул көрүнүш полктун уулдары жөнүндө чыгарма жазууга түрткү берет. Автор чыгармасында полктун уулу өспүрүм Ваня Солнцевдин тагдыры тууралуу жазат. Ванянын атасы фронтто курман болот, энесин фашисттер өлтүрөт, чоң энеси менен карындашы ачкачылыктан каза болот. Солнцевди немис жандармериясы балдар изоляторуна камайт. Бирок Ваня ал жактан качып, Полесьянын чер токойлорунда айла жоктон тентип, башынан азап-тозокту өткөрөт. Аны жер төлөдөн советтик чалгынчылар таап, асырап алышат. Ошентип Солнцев полктун уулу болуп калат. Ваняны чалгынчылардын командири, капитан Еникаев өз уулундай көрөт. Солнцев мал кайтарган бала сыяктуу кийинип, немистер ээлеген аймактарга чалгынга барып, баалуу маалымат таап келчү. Бир жолу фашисттер Ванядан шексинип камап салганда чалгынчылар аны куткарып алышат. Тилекке каршы, капитан Еникаев бир кагылышууда курман болот. Анын чөнтөгүнөн "Каза болсом Ваняга көз салып, кийин мыкты офицер болушуна жардам бергиле" деген өтүнүч катын табышат. Еникаевдин керээзин аткарып, Солнцевди полктун командири жаңы ачылган Суворов атындагы окуу жайына окууга жиберет. Ваняны полктон чалгынчылар узатат.
Катаевдин повестинин негизинде 1946-жылы биринчи жолу, андан кийин 1981-жылы экинчи жолу "Полктун уулу" аттуу көркөм тасма тартылган.
Полктун уулдары жана кыздары үчүн ачылган окуу жай
1977-жылы февралда СССРде биринчи жолу Курск шаарында полктун уулдары менен кыздарына арналып музей ачылат. Мындай музей башка постсоветтик аймакта жок.