Мастопатияны жакшы дарылаңыз! Эмчек рагынын белгилери, себеби, алдын алуу жолдору

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATЭмчек рагы менен жабыркаган аялга операция жасап жаткан хирурдар. Архив
Эмчек рагы менен жабыркаган аялга операция жасап жаткан хирурдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда аялдар арасында эмчек рагы онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат, башкача айтканда, бир жылда өлкөдө 600гө чукул аял эмчек рагына кабылат.

Дарыгерлер бейтап убагында кайрылса эмчек рагын айыктырып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору дейт. Дартты алдын алуу үчүн эмнелерди билиш керек, негизги белгилери кандай болот жана ага кандай факторлор себеп болушу мүмкүн? Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнө баш багып, бейтап, дарыгерлер менен сүйлөшүп келди.

Катуу стресстен ракка кабылган Анара

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева40 жаштан өтүп калган Анара Алиева ооруканага жатканына бир ай боло элек. Дарыгерлер сол эмчегинде залалдуу шишик бар экенин аныктап, туура бир жума мурун операция жасап, бир эмчегин такыр эле алып салышкан. Алиева мындай дартка стресс себеп болушу мүмкүн дейт.
Мастопатияны жакшы дарылаңыз! Эмчек рагынын белгилери, себеби, алдын алуу жолдору - Sputnik Кыргызстан
40 жаштан өтүп калган Анара Алиева ооруканага жатканына бир ай боло элек. Дарыгерлер сол эмчегинде залалдуу шишик бар экенин аныктап, туура бир жума мурун операция жасап, бир эмчегин такыр эле алып салышкан. Алиева мындай дартка стресс себеп болушу мүмкүн дейт.

40 жаштан өтүп калган Анара Алиева ооруканага жатканына бир ай боло элек. Дарыгерлер сол эмчегинде залалдуу шишик бар экенин аныктап, туура бир жума мурун операция жасап, бир эмчегин такыр эле алып салышкан. Алиева мындай дартка стресс себеп болушу мүмкүн дейт.

Өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бронхит, пневмония деп жүрө бербеңиз! Өпкө рагынын белгилери, себептери
"Башында мастопатия болгом. Бирок этибар албай дарыгерге чала-була көрүнүп, ошону менен аны таптакыр эле унутуп калгам. Андан кийин кызымды күйөөгө узатып, эртеси күнү эле күтүүсүздөн апам дүйнө салды. Катуу стресс алдым. Көп өтпөй өтүмдө таш бар экен дешип өтүмдү алдырдым. Андан кийин ашказанымда жара бар экен дешти, анын төрттөн бир бөлүгүн алдырып операция жасаттым. Айтор, апамды жоготкондон кийинки стресс көп ооруга жол ачты окшойт. Бирок жакшы боло албай койдум. Иммунитетим түшүп, алым кетип баштады. Жүрөк тушум, далым оорутуп эле туруп алды. Кардиологдорго барсам "жүрөгүм жакшы эле экен" деди. Бир күнү аймактык дарыгер эле эмчегимди кармап көрүп, залалдуу шишик бар окшойт деп бул жакка жиберген. Көрсө эмчек рагына кабылыптырмын. Оору өтүшүп баратыптыр деп дарыгерлер дароо эле операция жасап, бир эмчегимди алып салышты", — деди Алиева.

Анара эженин палатасында жашы 50дөн ашып калган дагы эки апа жатыптыр. Чыгып баратсак бири: "кыз-келиндерге убагында көрүнгүлө деп айтат элем. Эрте кайрылса биздин дарыгерлер 100 пайыз айыктыра алат", - деди.

Эмчек рагынын себептери, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун жетекчиси Дамир Абдылдаев айтып берди.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваУлуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун жетекчиси Дамир Абдылдаев: эмчек бези өтө назик, жөнөкөй эле кокустатып алуудан ракка айланып кетиши мүмкүн. Көп капалануу, стресс да дарттын бирден-бир себеби. Эмчек рагы тукум кууйт
Мастопатияны жакшы дарылаңыз! Эмчек рагынын белгилери, себеби, алдын алуу жолдору - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун жетекчиси Дамир Абдылдаев: эмчек бези өтө назик, жөнөкөй эле кокустатып алуудан ракка айланып кетиши мүмкүн. Көп капалануу, стресс да дарттын бирден-бир себеби. Эмчек рагы тукум кууйт

Дарт эмнеден улам пайда болот?

Лонгрид: Апамдан жашырган сырым бар. Морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө - Sputnik Кыргызстан
Апамдан жашырган сырым бар. Морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө
Эмчек рагына көбүнчө организмде гормоналдык өзгөрүү болгондо кабылышат. Мындан сырткары, катуу алган жараат, стресс — мунун баары билинбей залалдуу шишикти пайда кылат. Алсак, эмчек бези өтө назик, жөнөкөй эле кокустатып алуудан ракка айланып кетиши мүмкүн. Көп капалануу, стресс да дарттын бирден-бир себеби. Эмчек рагы тукум кууйт. Ошондуктан эмчек рагына кабылган адамдын туугандары, кыздары бат-баттан дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турганы жакшы. Мындан сырткары, мастопатиянын түрдүү формалары да эмчек безинин шишигине алып келиши толук ыктымал. 30 жаштан кийин балалуу болуу, аз эмизүү же такыр эле эмизбеген аялдардын да бул дартка кабылуу коркунучу башкалардыкынан көбүрөөк.

Оорунун негизги белгилери кандай?

Эмчек безинде кандайдыр бир катуу шишик пайда болот. Теринин өңү өзгөрүп, лимондукуна окшоп саргыч тартып калат. Эмчектин учунан кан аралаш суюктук чыгып, колтукта да шишик пайда болгону байкалат. Эгер ушул белгилердин бири эле билинсе, бейтап ошол эле күнү маммологго көрүнүшү керек.

Дарт жашарды, бирок орто курактагы аялдар көптүк кылат

Эмчек безинин залалдуу шишигине кабылган аялдардын көбү 40 жаштан 60 жашка чейинкилер. Бирок оору барган сайын жашара баштады. Былтыр Баткенден 23 жаштагы келин эмчек рагына кабылып жатты. Эки баласы бар экен. Оору өтүшүп кеткиче молдого барып жүрө берип, кеч кайрылыптыр. Рактын кайсы түрү болбосун табып, молдо аны айыктыра албайт. Бул операция же нур терапиясы, химиотерапия менен айыга турган дарт. Канчалык бейтап дарыгерге эрте келсе, аны дарылоо ошончо жеңил, аялдын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көп. Жылына 600дөй аял эмчек рагына кабылганы аныкталат. Алардын көбү Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунан катталууда.

Алдын алуу жолдору

Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант
35 жашка чейинки кыз-келиндер жылына бир жолу маммологго көрүнүп, УЗИге түшүп турушу керек. Ал эми 35 жаштан жогору курактагылар жылына бир жолу УЗИге да, маммографияга да түшүп, адиске көрүнгөнү оң.

Мындан сырткары, ооруну өзү аныктоо деген бар. Башкача айтканда, айызы келип бүткөндөн кийин көп убакыт өткөрбөй эмчегин жакшылап кармап, шишиктин бар-жогун аялдар өздөрү деле билсе болот. Эгер айызы токтогон аялдар кайсы күн болбосун текшерип көрө алат.

Дарылоо

Дарттын 1-стадиясында шишик 2 сантиметрге чейин эле болот. Ошондуктан бул түрүн толугу менен айыктыруу мүмкүн. 2-стадиясында шишик 2-5 сантиметрге чейин өсөт, анда да нур терапиясынын жардамы менен дарылоого болот. 3-стадияга жеткенде шишик 5 сантиметрден да чоңоюп, 4-стадияда таптакыр эле өтүшүп кеткен түрүнө айланат. Бул учурда бейтаптын эмчегин толугу менен кесип салууга туура келет. Мындан сырткары, анализдерине жараша да дарылоо жүрөт. Ашказан рагына караганда эмчек рагынан каза болгондор аз. Мисалы, жылына ооруга кабылып 600 аял жатса, анын 200дөйү көз жумат.

Жаңылыктар түрмөгү
0