Дарыгер бул дартка кабылган чоңдорго караганда балдардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк дейт. Чүрпөлөрдүн өмүрү үчүн күрөшкөн жайга рак илдети менен кээде бир айлык, он күндүк ымыркайларды алып келишет экен.
— Жылдан-жылга рак илдетине кабылган адамдардын, анын ичинде балдарын саны көбөйүп жаткандай...
— Азыркы тапта ооруканада рак оорусу менен канча бала дарыланып жатат?
— Онкология борборунун балдар бөлүмү негизи 35 бейтапка ылайыкташкан. Анын алтоо реанимациялык палата болсо, калганы төрт орундуу жалпы палата. Учурда бөлүм толук. Мындан сырткары, келип-кетип дарылангандар дагы бар. Негизи, талап боюнча бир палатада бала жана аны караган адам болуп эки киши эле жатышы керек. Бирок бизде орун аз болгондуктан, бир палатада төрт бала жана аларды караган төрт адам, ошондо сегиз киши бар. Бул биздин негизги көйгөй десем болот. Анткени балдарга химиотерапия бергенде бирөө чүчкүрсө, экинчисине жугат. Эгер эки киши эле жатса, инфекция дагы көп болмок эмес. Анткени химиотерапия алгандан кийин бейтаптын иммунитети аябай төмөндөп кетет.
— Жаңы онкология борбору курулуп жатты эле. Ал азыр бүтө элекпи?
— Эки жыл мурун онкология борбору, анын ичинде балдар бөлүмү өзгөчө болуп жасалат деп имарат курула баштаган. Бирок белгилүү бир себептерден улам токтоп калды окшойт. Ошол борбор салынса, бизге да абдан жакшы болот эле.
— Илдеттин негизги белгилери кандай болот?
— Балдар онкологиясын мен үч негизги түргө бөлөт элем. Биринчиси лейкоз, ак кан оорусу. Анын негизги белгилери: мурун канап, тиштин эти шишийт, баланын дене табы себеби жок 40 градуска чейин көтөрүлүп, моюн, колтукка без чыгат. Экинчиси мээнин рак оорусу. Анда баш ооруп, бала куса берет. Үчүнчүсү, кайсы бир жерде шишиктин пайда болуусу. Мисалы, бутта же бөйрөктө, курсакта дегендей. Бөйрөктө шишик пайда болгонун энеси жуунтуп атканда билсе болот. Бөйрөк туш шишип, бала кан сийип баштайт.
— Кыргызстанда бул үчөөнүн кайсынысы көп?
— Бизде деле дүйнө жүзүндөгүдөй ак кан көп. Экинчи орунда бизде жалпы шишиктер турса, дүйнөдө мээ шишиги экинчи орунда экен.
— Бул илдет эмнеден улам келип чыгат?
Туура эмес тамактануу да таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, химиялык заттар кошулган суусундук, ар кыл таттуулар. Бирок ал баланын өзүнө эмес, апасынын курсагынан таасир бериши мүмкүн. Мисалы, апасы кош бойлуу кезинде зыяндуу суусундукту көп иче берсе, ал энеден балага өтүп клеткалардын мутациясын пайда кылышы толук ыктымал.
— Рак менен ооруган балдардын эң кичинекейи канчада?
— Ар кандай. Мисалы, азыр бизде эки айлык ымыркай жатат. Аны бир айлык кезинде эле алып келишкен. Андан дагы кичинекей, 10 күндүк ымыркай да түшкөн.
— Аларды дарылоо, химиотерапия берүү өтө эле оор болсо керек?
— Оңой эмес, бирок аны жасоого мажбурбуз. Анткени баланын өмүрүн сактап калыш керек. Аны кылбасак, баланы жоготуп коюшубуз мүмкүн. Ата-энесине дагы химиотерапия берилбесе болбой турганын түшүндүрөбүз. Кээ бири туура эмес кабыл алып, министрликке кат жазып, таарынгандар дагы болот.
— Балдар менен иштеп баштаганыңызга канча убакыт болду?
— Беш жыл болду. Онкология борборуна негизи 2004-жылы келгем. Башында чоңдор бөлүмүндө иштечүмүн. 2014-жылы реформа болуп, балдардын онкология бөлүмүнө чакыртылдым. Дароо макул болуп, Москвага барып курстардан окуп келип, анан балдарды дарылай баштадым.
— Чоң киши менен баланы дарылоодо айырма барбы?
— Көп эле бала айыгып кетеби?
— Толук эсептесек, 60 пайызга чыгабыз. Эгер мээ шишиктерин кошпой турган болсок, анда мындан дагы көп.
Балдар бөлүмүнө жаңы келип иштей баштаганда бир кичинекей баланын өмүрүн сактап калыш үчүн дарысына каражат издеп калдык. Дароо эле Москвада дайыма жардам берип жүргөн Жылдыз Осмонова деген кызыбыз бар болчу, ага чалдым. Ал акча чогултуп салып, баягы дарыбызды алдык. Кийин тиги бала аман-эсен сакайып чыгып кетти. Эки-үч жыл өткөндөн кийин чачы өсүп башкача бала болуп калыптыр, ата-энеси менен келип ыраазычылык айтып кеткенде "бекер иштеген эмес экенмин" деп толкундангам. Бейтапты кичинекей кезинде дарылап айыктырып, кийин алар мектепке барып, башкача болуп келишкенде сүйүнүп калабыз.
— Оор тагдырларды да көп көрсөңүз керек...
— Бизге ар кандай адамдар келет да. Бир жолу улгайып калган киши небересин жетелеп алып келиптир. Текшерип, "лимфома деген ооруга кабылыптыр, дарылаш керек, эртерээк келип жатыңыз" десем жаман көрүп кеткен. Мага нааразы болуп министрликке кат жазыптыр. Бирок кайра эле бизге келип жатты. Анан атадан "эмнеге министрликке кат жаздыңыз?" деп күлүп сурасам, "мээримиң жок экен, неберемдин оорусун бетиме айттың" дейт. Айла жок айтасың да. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, аны жашырбай эрте дарылаш керек.
— Сиз айтып жаткан баланын ата-энеси жок бекен?
— Россияда иштешчү экен. Бизде бул боюнча да көйгөй бар. Ооруган балдардын көбүн чоң ата, чоң энелери алып келет. Өз ата-энелери Россияда иштеп жүргөн болот.
— Анан баласын караганы келишеби?
— Көбү келет. Бирок баласынын оорусун угуп үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектер дагы болот. Жакында эле бир киши уулунун рак илдетине кабылып калганын угуп, аялы менен баласын таштап Россияга кетип башкага үйлөнүп алыптыр. Бирок ата-эненин баары мындай эмес. Арасында көбү чүрпөсүн аман алып калуу үчүн күрөшөт, болгон күчүн аябайт.
— Жумушуңар оорбу?
— Кичинекейлер менен иштешүү бир четинен оор болсо, бир жагынан жеңил. Бала деген бала экен. Ооруганын беш мүнөттө унутуп калып бири-бири менен ойноп маанайыбызды көтөрөт. Жаңы эле ийне, капельница алганын тез эле унутуп коюшат. Негизи онкология менен ооруган бала акыл жагынан тез чоңоюп, тез жетилет экен. Баарына бат көнүп, түшүнүктүү болот. Андыктан ал жагынан кыйналбайбыз. Оору өтүшүп кетип, каза болуп калган учурлар да болот. Мындай учурда кыйын...
— Рак илдетин дарылоо Кыргызстанда кымбат деп айтышат. Бул жаатта балдар онкологиясында абал кандай?
— Чоңдордуку менен салыштырсак, жакшы эле. Дарынын 80 пайызы бар. Аларга акчаны мамлекет бөлөт, кээ бирин фонддор сатып берет. Азырынча колубуздан келбеген деле нерселер бар. Мисалы, сөөк чучугун көчүрүү операциясын азырынча жасай албайбыз. Бирок жаңы борбор салынып калса, ал операция деле эки-үч жылдын ичинде өзүбүздө жасала баштайт деген үмүт бар.
— Рактан алыс болуш үчүн ата-эне эмнелерди билиши керек?