00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу бар. Ооз бекиткендерге 10 "болбойт"

Жазылуу
Кыргызстанда 2019-жылдагы Орозо айынын болжолдуу башталышы Аалымдар кеңешинин алдын ала чечимине ылайык, 6-май деп айтылды.

Мусулмандар ыйык деп эсептеген айда ооз бекиткендер эмнелерди жасабашы керек? Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрүп берди.

Ооз ачарга чейин атайылап тамак ичүүгө болбойт. Орозо башталганда алгач адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдар курсагы ачып же суусап кетсе, атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп орозосун уланта берсе болот.

Дары ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калган адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.

Чылым, кальян, насвайга уруксат берилбейт. Мындай учурда адамдын оозу ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылтууга да жардам берет.

2019-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.

Ушак айтып, жаңжалдашып, урушпаш керек. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз  айтуудан да алыс болушу шарт.

Тыюу салынгандарды карабаш керек. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылыңыз.

Кулакка, мурунга суу киргизгенге болбойт. Суу ички органга кирбеш керек. Орозо айы жай айына туш келип калганда, адам катуу ысыкта, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунуга уруксат берилген. Бирок ооз, кулак жана мурун аркылуу суу адамдын ички органдарына кирбеши керек. Даарат алып же жуунуп жатканда этият болуңуз.

Оозду атайылап бекитпей уктап калганга болбойт. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл.

Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабаарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.

Жыныстык катнаш болбойт. Ооз бек учурда жубайлар ортосунда кошулууга тыюу салынат. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка уруксат берилет, бирок сөзсүз гусул алып, андан соң ооз бекитүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0