Кыргызстандын мыкты туристтик слоганы аныкталды. 5 миң долларды ким утту?

Жазылуу
Конкурска жалпысынан 6 428 слоган келип түшкөн.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаменти тарабынан 2018-жылдын август айында жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мыкты слоган үчүн байге 5 миң доллар деп белгиленген. Министрликтин билдиришинче, конкурска жалпысынан 6 428 слоган келип түшкөн. Калыстар тобу эң жакшы, эң кооз слоганды эмес, туристтерди Кыргызстанга келүүгө кызыктыра турган слоганды тандашы керек болчу.

Ошентип конкурстун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин юридика факультетинде 4-курста окуган студент Ажар Сатыбалдиеванын "Кыргызстан — бесконечно уникален" (Kyrgyzstan — Infinitely Unique) деген слоганы мыкты деп табылып, 5 миң доллар байгени алды.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр туризмден бюджетке 107 миллион сом түштү
Калыстар да аталган слоганда башка мамлекеттерде жок нерселер Кыргызстанда бар деген чакырык ташталып жатканын белгилешкен. Андан сырткары, англисче вариантында колдонулган Infinitely Unique деген сөздүн тамыры латын сөздөрүнө жакын экени жана бардык роман тилдеринде infiniment unique, infinitamente único, infinitamente único деп айтылып, көпчүлүк туристтерге түшүнүктүү болору эске алынган.

Ошондой эле Кыргызстандагы экологиялык туризмдин маанисин жакшы чагылдырып бергени үчүн пенсионер Людмила Колычеванын "Кыргызстан — Семь чудес природы" (Kyrgyzstan — Seven Wonders of Nature) аттуу слоганына кошумча байге берилген.

Ал эми Кыргызстандагы эс алууну орус тилдүү калк арасында таасирдүү жарнамалоо үчүн Нина Орлованын "Кыргызстан — отдых на высоте!" аттуу слоганы мыкты деп аталып, авторго 1000 доллар сыйлык берилди.

Андан сырткары, слогандары кыска тизмеге кирген үч авторго 20 миң сомдон ыйгарылды.

Алар:

  • Романова Наталья Юрьевна, Россиянын Мурманск шаарынын жашоочусу. Ал башкаларга караганда көп варианттарды сунуштаган;
  • Исраилов Азат Токтоматович, Сокулук районунун жашоочусу;
  • Пятибратова Алла Леонидовна, журналист, жазуучу, учурда пенсияда.
Жаңылыктар түрмөгү
0