БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. ВВС жазганына караганда, жүрүштүн катышуучулары Гайд-парктан Парламент аянтына жөнөшкөн.
"Биздин талап жөпжөнөкөй: Brexit боюнча акыркы сөздү эл айтышы керек", — дешти жүрүштүн уюштуруучулары.
Маалыматта миллионго жакын киши көчөгө чыкканы айтылат.
Буга чейин Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламенттин толук колдоосу жок Brexit (Британиянын Европа биримдигинен чыгышы) келишими боюнча кайрадан добуш берүү болбой турганын жар салган.