Мээси иштептир. Актөбөлүк тургун Nur-Sultan.kz доменин 4 миллионго баалады

© AP Photo / L.G. PattersonНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын жараны төрт күн мурда алган доменди 24 миллион теңгеге баалап жатат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Nur-Sultan.kz деген аталыштагы домен сатыкка коюлду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. "Товар" сайттарды жана домендерди сатуу менен алектенген россиялык telderi.ru биржасына коюлду.

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астаналыктарбы же нурсултандыктарбы? Казак министринин түшүндүрмөсү
Автордун айтымында, домен Казакстандын аты өзгөртүлгөн борбор калаасынын аталышын дал өзүндөй кайталайт. Баштапкы баасы – 4 миллион 200 миң рублге (65800 доллар) бааланууда.

Хостинг кызматын көрсөткөн сайттардын биринде бул домен актөбөлүк адамга тишелүү экени жана ал аны 2019-жылдын 20-мартында сатып алганы жазылган.

Эске салсак, 23-март күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор калаа Астананы Нур-Султан деп атоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0