Бишкек шаарынын тургундарын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов куттуктады.
"Ала-Тоо" аянтына чогулган элге сүмөлөк ооз тийгизилди. Андан сырткары, эстрада ырчыларынын катышуусу менен концерт болду.
Борбор калаада Нооруз кандай белгиленгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Улуттук кийимчен кыздар

Бишкек шаарынын тургундары менен конокторуна театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү

Бүгүн Бишкек шаарында аба ырайы ачык болду

Ноорузду Умай Энесиз элестетүү кыйын

"Ала-Тоо" аянтындагы концертти көргөнү келгендер арбын болду

Алты бакан селкинчек тепкен жаштар

Шаар тургундарын калаа башчысы Азиз Суракматов куттуктады

Күндүн ачык болушу көпчүлүктүн маанайын көтөрдү

Чогулган элге эстрада жылдыздары ыр белек сунду. Алардын бири - Арсен.

Нооруз майрамына келген чет элдиктер өздөрүнүн улуттук кийими менен

Бишкектеги чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн көрсөттү

Нооруз - жаңы күндүн, жаңы демдин башталышы. 21-мартта күн менен түн теңелет

"Ала-Тоо" аянтында бийлеп жаткан кыздыр

Аянтка келгендер сүмөлөктөн ооз тийишти
