Видео YouTube каналына жарыяланган.
Канадалык 35 жаштагы спортчу оюн талаасын таштап, шашылыш чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бул учур видеого түшүп калган. Бактыга жараша, дарыгерлердин кароосунан кийин ал музга кайтып келген. Акырында таймаш 6:1 эсебинде анын командасынын пайдасына аяктаган.
"Айлендерстин" башкы машыктыруучусу Барри Троцтун айтымына караганда, анын өмүрүн бир нече миллиметрлер эле сактап калды.
"Силердин шаңдуу колдооңорго рахмат. Башында чындыгында абдан коркуп кеттим, жаратканга шүгүр. Моюнуңа жакын келген конькинин жаркылдаган мизин көргөндө оюң дароо жаманга кетет экен. Бирок баары өтүп кетти, буюрса жакында көрүшөбүз", — деп жазган Бойчак Twitter баракчасына.
Бул чемпионатта спортчу 62 беттешке катышып, 16 (3+13) упай топтогон.