00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Простыми словами: как оформить льготный кредит на развитие агрохозяйства
12:05
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как остеохондроз портит сон и что с этим делать
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Весна на полях: хватит ли воды и чего ждать от нового сельхозсезона
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жакындарын жоготкон кишини кантип маекке тартуу керек. Кесипкөй журналисттен кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековОбозреватель РИА Новости Вера Костамо
Обозреватель РИА Новости Вера Костамо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Вера Костамо ар кандай каргашанын курмандыгы болгон кишилердин жарасын ырбатып албай, аларды кантип кепке тартуу керектиги тууралуу ой бөлүштү.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Экстремалдык геосаясий журналистика тармагындагы Юлиан Семенов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, репортер, фотограф, РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Вера Костамо Кыргызстандагы төрт университеттин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өткөрдү.

Аталган иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.

Костамо жакындарынан айрылган кишини кантип кепке тартуу керектиги тууралуу да айтып берди.

"Кырсык болгон жерге келип жакындарынан айрылган киши менен сүйлөшүп жатасыз дейли. Эгер мүмкүн болсо, аны менен бир сааттай сүйлөшүңүз. Анткени жан дүйнөсү жабыркап турган киши ушунча убакыттан кийин ачылып сүйлөп бере баштайт. Сиз да оор делген суроолорду бере аласыз. Кишилер менен көпкө сүйлөшүп тургандан тартынбагыла", — деди Костамо.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү - Sputnik Кыргызстан
SputnikPro: эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жолдору
Ал ошондой эле "тунжураган тынчтык" делген метод бар экенин белгиледи. Бул учурда журналист маек алып жаткан кишисин телмире карап тынчтыкты сактайт. Ушундай учурда маек берип жаткан киши айтпай эле коёюн деген айрым ойлорун айтып жибериши ыктымалдыгын эскертти.

"Кишинин психологиясы ушундай жаратылган дейсиз, сүйлөшүп жаткан учурда пайда болгон тынчтыкты жактырбайбыз жана бул абалдан чыгуу үчүн ар кандай аракеттерди кылабыз. Андыктан мындай учурларда кишилер ойго келбеген кызыктуу фактыларды, маалыматтарды айтып жибериши мүмкүн", — деди ал.

Костамо маекти маңдай-тескей отуруп алууну сунуштайт.

"Эгер телефон чалбай эле ал киши менен жолугуп маек алууга мүмкүнчүлүк болсо, аны сөзсүз пайдалангыла. Анткени телефон аркылуу сүйлөшкөн менен жолугуп алган маектин асман менен жердей айырмасы бар. Ал эми социалдык тармактан жазышуу таптакыр башка. Себеби берилген суроолордун жообу сиздин көз алдыңызда болот. Андыктан ал маалыматты кылдаттык менен текшерүү керек", — деди журналист.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузиянын, Азербайжандын, Армениянын жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0