Суук болот! Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного снегопада в Бишкеке
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-фев.— Sputnik. Бейшемби күнү, 21-февралда, өлкө боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 0…+5, Чүйдө -1…-3, Таласта -2…-4, Ысык-Көл облусунда 0…-5, Нарын аймагында -4…-9 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы Ошто 0...+2 градус жылуу болсо, Бишкекте -2…-4 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0