Крестинин улуттук команданы эки ири мелдешке даярдайт. Жаңы келишим түзүлдү

© Фото / пресс-служба ФФКРПрезидент Федерации футбола Кыргызстана Канатбек Маматов и главный тренер национальной сборной Александр Крестинин
Президент Федерации футбола Кыргызстана Канатбек Маматов и главный тренер национальной сборной Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крестинин улуттук курама команданы 2022-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна даярдамай болду.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын федерациясы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишим түздү. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, келишимге 10-февралда кол коюлган. Эми Крестинин улуттук курама команданы 2022-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы өтө турчу Азия кубогуна даярдайт.

Крестинин өзү улуттук курама менен чогуу иштей турганына кубанычта экенин айтты.

"Жаш оюнчуларга өзгөчө көңүл бурулат. Алар - курама команданын келечеги. Жоопкерчилик бар, ар-намысыбыз менен иштеп, максатка жетүү үчүн аракеттерди көрөбүз", — деди ал.

Александр Крестинин тууралуу кызыктуу фактыны окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0