00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Вода, переработка и экспорт — замминистра о трёх главных задачах кыргызского агросектора
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алкап, сыймыктанып. Футболчу ак шумкарларга жааган соцтармактагы пикирлер

© AFP / Khaled DESOUKIКубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия кубогунун 1/8 финалында Абу-Даби шаарында Кыргызстандын курама командасы каршылашы Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде жеңилди. Анткен менен кыргызстандык футболчулар беттеште чеберчилик менен ойноп, мекендештерине, дегеле жалпы күйөрмандарга кызыктуу жана толкунданткан ирмемдерди тартуулады.

Улуттук курама команданын чейрек финалга чыкпай калышы кыргызстандыктардын футболчуларга болгон нааразылыгын жаратпастан, тескерисинче сыйын арттырып, колдоо сөздөрдү жаадырды.

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн ичинде жана сыртында жүргөндөрдүн  социалдык тармактардагы пикирлерин чогултту.

Алардын көбүнөн  улуттук команданын оюнчуларына болгон ыраазылыгын, баалоосун, сыймыктангандыгын окууга болот. 

Адегенде эле Бириккен Араб Эмирлигинен кайткан футболчуларды чоң салтанат менен тосуп алуу туурасында айтышты. 

“Футболчуларыбызды мамлекеттик, Өкмөттүк деңгээлде тосуп алыш керек", — деп жазды Семетей Талас уулу.

Андан сырткары, КТРКнын оюнду баяндап берген комментаторлору калыстардын ишине нааразы болуп, акыйкатсыз кадамдарды жасады деген пикирлерин айтты.  

Мындай маанайдагы посттор интернеттин кыргызча сегментинде арбын болду. Алардын бирин атактуу ырчы Мирбек Атабеков жазды. 

“Калыс, сага кудай өзү калыс болсун”, — деп кайрылган ырчы. 

Эркин Нурбаев аттуу жаран бардык жакшылыктар алдыда деген таризде пикирин калтырган. 

“Акшумкар алга! 

Биздин өлкөгө калыстык керек! 

Кеп, Кытай калыста эмес! 

Баары алдыда!” — деген ал. 

Улуттук команданын оюну сыртта жүргөндөрдү да кайдыгер калтырган жок. Айымкан Кулукеева аттуу интернет колдонуучу жеңишке тете, жеңиштен ашык оюн болгонун билдирди. 

“Жеңишке тете, жеңиштен ашык оюн болду. Бүт дүйнө көрүп турат, калыссыздыкты жана жыгылчаактарды. Жеңиш баары бир биз тарапта”, — деген ал. 

Ал эми Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нурлан Ниязалиев да кубанычын жашыра албай, пикирин калтырган. 

“Уттургандан да утканыбыз көп болду”, — деген дипломат. 

Жогорку Кеңештин депутаты  Эльвира Сурабалдиева  жакшы маанайларды тартуулаган курама команда менен сыймыктанарын билдирген. 

“Утулсак да, элибизге чоң дем берген командабыз менен чын жүрөктөн сыймыктанамын. Жеңиштин баары али алдыда “, — деп жазган эл өкүлү. 

Социалдык тармактын дагы бир колдонуучусу спортчуларга мамлекеттик сыйлык берүү маселесин да сунуштап жиберген. 

“Биздин #АкШумкарларгамамлекеттик сыйлыктар жана атайын баалуу белектер берилиши керек деп ойлойм”, — деген ал.   

Президенттин администрациясынын жетекчиси Досалы Эсеналиев сыймык жараткан жигиттерди алкаган. 

“ШУМКАРЛАР ЫРАХМАТ! ЖАЛПЫ ЭЛ СИЛЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!” — деген аткаминер.

Пикирлерди топтоп жатып, дагы бир кызыктуу постко туш келдик. Интернеттин дагы бир колдонуучусу Гүлжан Ажыматова аттуу жаран жакшы ой айтыптыр. 

“Кыргызстан жеңсе, мен бешинчисин төрөймүн. Зинадинге шерик керек да”, — деп жазган ал.    

Ал эми көчөгө чыгып күйөрмандык кылган кыргызстандыктар менен келген коноктор оюн учурунда Бишкектин борборуна чогулуп, ар бир голду ураан менен сүрөп турду.

Жаңылыктар түрмөгү
0