Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү, 17-январда, өлкө аймагында күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +2…+7 градус, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын аймагында —3…-8 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +4…+6, Ошто +3…+5 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0