Ячейка ээлери боюнча реестрдин кандай зарылдыгы бар? Финчалгындоонун жообу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота ОАО «АИКБ “Татфондбанк”» в Казани
Работа ОАО «АИКБ “Татфондбанк”» в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук жана башка банктар эсептер менен ячейкалардын ээлери тууралуу реестр түзүүгө каршы болууда.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстан банктардагы эсеп жана ячейка ээлери боюнча реестр түзүшү керек, антпесе санкцияга кептелүү коркунучу турат. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык универсалдык стандарттарга ылайык, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы туруу үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасашы керек.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы чараларын иштеп чыккан топтун сунушу боюнча эсептерди аныктоонун тартиби жана механизми болушу зарыл.

"Келе жаткан май айында Кыргызстан евразиялык топко мыйзамсыз кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы иштер боюнча отчет бериши керек. Анын ичине ячейкалардын ээлери боюнча реестр бар", — деди адис.

Кененбаевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул кадам ишке ашпаса, өлкө "боз тизмеге" кирип, бир топ санкцияларга кептелет.

Работа Национального банка КР - Sputnik Кыргызстан
Ячейка чуусу. Улуттук банк Финчалгындоо кызматына мыйзам тууралуу эскертти
"Мындан улам кыргыз банктары менен байланыштуу бардык иштер токтотулуп, кыргызстандык резиденттердин ишине көлөкө түшөт", — деди ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган. Мындан улам аталган кызмат мыйзамдан тышкары эч кандай кадам жасабаганын, "бирок бул ачыкка чыгарбай турган купуя маалымат болчу" деген пикирин айткан

Андан соң Улуттук банк Финчалгындоо кызматынын бул талабы "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик" тууралуу мыйзамга туура келбесин айтып чыккан

Жаңылыктар түрмөгү
0