Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чыныгы жигит ушундай болушу керек

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүз куунак өтсүн!

Бул жерде менде моралдык жоопкерчилик бар. Саясатка айланып кетти. Ушундай нерсенин болуп кетерине, ага карата алдын ала чараларды көрбөгөндүгүмө байланыштуу кечирим сурайм. Бир адамдын кылган мыйзамсыз ишинен жалпы Транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм. Маалыматты 2-3 ай мурда укук коргоо органдарына бергем. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн алдын ала эч нерсе айтпай тургам. "Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" болдум. Мындай ишке орун басарымдын катыштыгы болуп, илинип калат деп ойлогон эмесмин.

Бул — мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун кайрылуусу. 10 күнгө созулган пара чыры министрди кызматтан кетирүү менен аяктады. Жок, балким аяктай электир. Ал жерден дагы көп "кызыктар" чыгып калаар. Баарын күтсө болот.

Тактап айтып коёюнчу, Калилов ишемби күнү өз каалоосу менен арыз жазып креслосун тапшырды. Эми бул кызматка дассыккан кесипкөй, ынсаптуу адам келсе экен.

Ушул эле саясаттан кеп салсак, Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекеттин азыркы башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кандайдыр тиреш байкалгандай. Мунун аягы эмнеге алып барышы мүмкүн?

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айсулуу Сейдеева жолдошу өпкөнүн рак оорусуна кабылганын айтат. Анын акыркы беш айдан бери ден соолугу начарлап, төшөккө жатып калган. Чет жерден дарылануу үчүн ири суммадагы акча керек. Айсулуу эки чиедей баласы менен иштей албайт, 8 айлык боюнда да бар.

Бул келинчегинин азабын тартып жүрөт. Ал эми Уланбек Мамбетакуновдун келинчеги эки ай рак менен күрөшүп жүрүп акыры акка моюн сунган. Анын өмүрүнүн акыркы секунддарына чейин жанынан чыкпай баккан жолдошу азыр дагы нике шакегин чече элек. Эмнегедир бул маекти окуп жатканда көзүмө жаш тегеренип кетти. Кудай мындай күндү эч кимдин башына салбаса… Уланбек ага, сиз жигиттиктин чыныгы үлгүсүн көрсөттүңүз! Сүйгөн жарыңыз жаныңызда болбосо да, төрт кызыңыздын сыймыктанган атасы болосуз деп ишенем!

Нуркамал Асканова КТРКда 12 жылдан бери "Кайдасың?" берүүсүн алып барат. Программа издешкен туугандарды табыштырып, аларга бактылуу ирмемдерди тартуулап келет. Аны менен кесиптешим Таалайгүл Усенбаева маектешти.

Кыргыз эли каадасы көп калктын катарын толуктаса керек. Келин алып, кыз узатаарда, баланы бешикке салып, тушоо кесүүдө, айтор, ар бир салтта биз билген да, билбеген да каадасы көп. Ал эми куда тосуп, кудага баргандагы шаң-салтанат өзүнчө кепке арзыйт. Аймактарга барганда уят болбоюн десеңиз, ушул каадаларды билип алганыңыз туура болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.74 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Таянар тоо болчу адамдарыбыз көп болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0