Көлдүк келин: ай-күнүмө жетип калганда күйөөм рактан бүк түшүп жатат

© Фото / Элдос БексадыровПомощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких
Помощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айсулуу Сейдеева жолдошу өпкөнүн рак оорусуна кабылганын айтып, редакцияга жардам сурап кайрылды.

Анын айтымында, жолдошу Курманбек Жанузаков акыркы беш айдан бери ден соолугу начарлап, төшөккө жатып калды. Чет жерден дарылануу үчүн ири суммадагы акча керек. Айсулуу эки чиедей баласы менен иштей албайт, 8 айлык боюнда да бар.

Күйөөмдүн оорусу нес кылды

Биз ракка каршыбыз коомдук фондусунун жетекчиси, рак оорусун жеңген Гүлмира АбдразаковаБиз ракка каршыбыз коомдук фондусунун жетекчиси, рак оорусун жеңген Гүлмира Абдразакова - Sputnik Кыргызстан
Ракка кабылган Гүлмира: оорумду укканда күйөөмө аял издей баштадым
Курманбектин ден соолугундагы өзгөрүүлөр быйыл февралдан тарта башталды. Желкеси менен далысы тартылып ооругандан алгач ийне аркылуу дары алды. Кийинчерээк "өпкө тушум ооруп жатат" дей баштады. Бети менен моюнуна майда шишиктер жайылганда Караколдогу ооруканага алып барсак, алар Бишкекке жөнөтүштү. Бирок биз камынып жөнөгүчөктү жаз келди.

Онкология борборуна барганыбызда күйөөмө өпкөнүн рагы деген диагноз коюшту. Мындай илдетке чалдыгам деп ким эле ойлосун, угуп алып нес болдук. Илдет кайдан илээшкенин билбейм, туугандар арасында деле мындай жок эле. Дарыгерлерге ишенбей кайрадан анализ тапшырууну эп көрдүк. Анын акысы 20 миң сом экен, беш миң сомго арзандатып өткөрө алдык. Баягы эле дарт чыкты — рак… 

© Фото / Элдос БексадыровАйсулуу Сейдеева: күйөөм өпкө рагынан жабыркап беш айдан бери төшөктө
Помощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Сейдеева: күйөөм өпкө рагынан жабыркап беш айдан бери төшөктө

Молдокелер акчаны шыпырып алды

Көлдөн Бишкекке каттап маалы менен дарыланып турдук. Химиялык дарылоо курсунан бир ирет өттүк. Кийинкилерин каражаттын жоктугунан алуу кыйынга турду. Ар ким эмнени айтса, ошону кыла бериптирбиз. Табып менен молдого да алып бардык. Кызыгы, молдо деле дарыканадагы таблеткаларды жазып берди. Кыскасы бекер эле акча коротуптурбуз, сакайгандын ордуна абалы начарлады. Дем алганда абдан кыйналат. Кан аралаш какырык чыгат. Денесин шылып алгандай эле арыктады. Тамакка табити тартпайт. Суюк шорпо эле жасап берем. Басып турганда дене-башы ооругандыктан көбүнчө төшөктө жатат. Акыркы беш ай оор өтүүдө. 

© Фото / Элдос БексадыровСейдеева: мектеп курагындагы уул-кызыбыз бар, жакында үчүнчү наристемди жарыкка алып келем
Помощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких - Sputnik Кыргызстан
Сейдеева: мектеп курагындагы уул-кызыбыз бар, жакында үчүнчү наристемди жарыкка алып келем

8 айлык боюмда бар

Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 13 жылдын жүзү болду. Ал 38де, мен бир жашка кичүүмүн. Аз убакыт сүйлөшүп баш кошконубуз менен жакшы жашап кеттик. Ал көп жылдан бери курулуш тармагында эмгектенди. Мен деле майда-барат жумуштарда иштеп калчумун. Билимибиз орто, карапайым үй-бүлөдөнбүз. Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан Көлдө кайненемдер менен турабыз. Ортодо мектеп курагындагы уул-кызыбыз бар. Ай-күнүмө жетип үчүнчү перзентимди жарыкка алып келейин деп турам. 

© Фото / Элдос БексадыровАйсулуу: ак пейил, боорукер адамдардан куру эмеспиз го, жардам сурап турабыз…
Помощь Курманбеку Жанузакову, заболевшему раком легких - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу: ак пейил, боорукер адамдардан куру эмеспиз го, жардам сурап турабыз…

Түркиядан сакайтууга мүмкүнчүлүк бар

Детская больница Ла-Маскота в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?
Жолдошум өзүнүн дарты жөнүндө укканына бир айдан эле ашты. Угуп алып абдан жаман абалга түштү. Туугандар көңүлүн оорутпайлы деп жашырып келгенбиз. Азыр илдети акыркы стадияга кептелип, ден соолугу күндөн-күнгө начарлоодо. Бишкектеги дарыгерлер жоопкерчилик ала албайбыз дешти. Теңтуштарыбыз аркылуу Түркиядагы дарыгерлер менен сүйлөшкөнүбүздө саламаттыгын калыбына келтирип берүүгө убада беришти. Жалпысынан 7 миңдей доллар керектелүүдө. Ага үй-бүлөбүз менен жалгыз жардам бере алчудай эмеспиз. Дос-тууган, тааныштар колдон келишинче жардам көрсөттү. Өзүм мындай абалда иштей албайм. Кудайдан тилегеним эле күйөөмдүн аман-эсен сакайып кетиши. Бала-чакабызды чогуу тарбияласак дейбиз. Ак пейил, боорукер адамдардан куру эмеспиз го, жардам сурап турабыз…

Жаңылыктар түрмөгү
0