17:09 21 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Кыргызстан информатиктер ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов

Рак болгон аялымды "төркүнүнө жеткирип сал" дешкен. Бишкектик мугалимдин маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
8654 0 0

"Келинчегимдин кан рагына кабылганын укканда көз жашымды токтото албай ыйлап ийдим. Анан дароо кайнатама чалдым",- деп эскерет бишкектик мугалим Уланбек Мамбетакунов жашоосундагы эң өкүттүү күндөрүнүн бирин.

Үй-бүлөнүн башына мындай оор сыноо түшкөндө келинчеги болгону 37 жашта болчу. Жубайлар төрт кызды тарбиялап, "абышка-кемпир болгондо ушулардын чайын ичебиз" деп кыялдана баштаган күндөр эле.

Sputnik редакциясы буга чейин айыккыс дартка туш болгонун билгенде күйөөсү өз күйүтү менен өзүн жалгыз таштап кеткен аялдын тагдыры тууралуу баяндаган. Бул макаланы социалдык тармактан окуп калган бүгүнкү каарманыбыз өз башынан өткөн аянычтуу окуяны айтып берди. Аны биз окурман менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Уланбек Мамбетакуновдун жубайы эки жыл оору менен алышып, 2017-жылы акыры акка моюн сунган. Анын өмүрүнүн акыркы секунддарына чейин жанынан чыкпай баккан жолдошу азыр дагы нике шакегин чече элек.

— Уланбек мырза, келинчегиңиз ооруп калганын кантип билдиңер?

— Ангинасы бар эле, улам тамагы ооруп, бейтапканага көрүнүп, кан тапшырып жүргөн. Бир күнү ал жактан "батыраак келе калгыла" деп телефон чалышты. Барсак, "кандын анализи начар чыкты, гематологдон консультация алгыла" дешти. Жаман оюбуз жок эле Гематология борборуна бардык. Дарыгер мени карап улам көз ымдап коет, көрсө ал мени сыртка чыгып сүйлөшөлү деп жатыптыр. Анысын түшүнгөн эмесмин. Бир маалда "экөөбүз документтерди толтуруп келели" деп мени кабинеттен алып чыгып, "көз ымдасам эмнеге түшүнбөйсүз" деп урушуп кирди. Ал мага аялымдын диагнозун өзүнө билдирбей угузайын деп жатыптыр да. Ошол мүнөттөрдө эмне болгонумду өзүм билбей калдым. Көзүмдүн жашын тыя албай ыйлай бердим. Анан дароо кайнатама чалдым. Бир аз туруп, өзүмдү жооткотуп, кабинетке кирсем, жубайым "эмне болду?" деп карап калды. "Көзүмө бир нерсе кирип кетти" деп ушаламыш этип ишендирип койдум.

— Алдыда оор сыноолор турганын дароо түшүнсөңүз керек?

— Моралдык дагы, материалдык дагы жактан оңой болбосун сезип жаттык. Бирок тууган-туушкан, дос-тааныштар бардык жагынан жардам берди. Кыскасы, өз азабыбыз менен өзүбүз калган жокпуз. Үч күндүн ичинде каражат топтоп, дарыланууга Москвага жөнөттүк. Ал жактан дагы жакшы санаалаштарым тосуп алып, колдоо көрсөтүп жүрүштү.

— Жаман дарты тууралуу өзүнө ким айтты?

— Эч ким айта алган жок. Москвага өзү кеткен. Жолдо карата интернеттен бардыгын окуп чыккан окшойт.

Председатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамбетакунов: жубайымдын дартын укканда көзүмдүн жашын тыя албай ыйлай бердим

— Диагнозу билингенден кийин келинчегиңиз канча жыл жашады?

— Эки жылга чукул. Ал аралыкта абдан көп химиотерапия алды.

— Бишкекте залалдуу шишикке кабылган адамдар иччү дары-дармектин өзүн табуу абдан татаал экенин айтып жүрүшөт.

— Туура, Бишкекте рактын дарысын саткан 3-4 эле дарыкана бар. Бирин тапсаң, экинчиси жок дегендей. Жумуштан чыгып алып, кечки 23.00гө чейин дары издеген күндөр болгон. Көпчүлүк учурда тааныштар аркылуу Москвадан алдырчубуз. Бирок мен дары издеп кыйналдым-кысталдым деп айтуудан алысмын. Жубайымдын көзү тирүү болгондо канча жыл болсо дагы аны бапестеп багууга даяр элем. Бирок биз оорулуу адамдын өмүрүн узартууга аракет кылып, жаны кыйналып жатканы жөнүндө ойлонбойт экенбиз да.

— Акыркы кезде социалдык тармактарда айыккыс дартка кабылган келиндерди күйөөлөрү таштап койгон мисалдар көп чыга баштады. Албетте, ал адамдарга биз сот эмеспиз. Болгону өз пикириңизди айтсаңыз, оорулууну багууга бардык эле адамдардын эрки жете бербейт окшойт…

— Ооруканада келинчегимди карап жатканда ар кандай тагдырларды көрдүм. Сиз айткандай, оорусун уккандан кийин жалгыз калган аялдар көп экен. Туура, ичээр суусу түгөнүп бара жаткан адамдын жанында болуу абдан кыйын. Аз калганын билип турсаң деле "балким, кудай жалгап жакшы болуп кетээр" деген үмүт такыр өчпөйт. Мен жубайымдын жанында акыркы секунддарына чейин болдум. Кыз-жигит баш кошуп жатканда орустар "… и в горе и в радости буду рядом" деп ант беришет эмеспи. Мен ошол антты татыктуу аткаргым келди. Баса, тааныштар арасында "Аны эми эмне кыласың? Ата-энесине жеткирип берип кой, өзүң балдарыңды бага бер" деп "кеңеш" бергендер болгон. Бирок мен эч качан андай кадамга бара албайт болчумун.

Председатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов с супругой
© Фото / из личного архива Уланбека Мамбетакунова
Мамбетакунов: жубайымдын арты менен таза кыргызча сүйлөп, азыр керек болсо тренингдерди кыргыз тилинде өтөм

— Жубайыңыздын акыркы күнүн эскере кетсеңиз?

— Төрт күндөн кийин 40 жашка толмок. Туугандар менен көңүлүн көтөрүп, туулган күнүн белгилеп коелу деп жатканбыз. Антип жатсак, дарыгерлер үйгө жиберишти. Көрсө, алар ким качан кетерин билет окшобойбу, балдары менен коштошсун дешсе керек. Түн ортосунда эсин жоготуп койду. Тез жардам менен ооруканага алып барып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганда аны дайыма карап жүргөн дарыгерине чалдым. Бирок ал биздин жүрөгүбүздү ооруткусу келген жокпу, айтор, такыр жолобой койду.

— Эки жылга чукул убакыт жубайыңызды карап, силерге жакын эле адамдай болуп калса керек ал дарыгер?

— Ооба, мен ар бир дарыгер, медайымга аябай ыраазымын. Колунан келгенин кылып жатышты. Негизи эле ал ооруканада абал ушундай, бүгүн бар киши эртең эле жок. Келинчегим улам бирөө менен таанышып, сүйлөшүп калып, кийинки күндөрү сурачу "тиги палатада момундай адам жатты эле, үнү чыкпай калды да, эмне болуптур" деп. Мен "ал жакшы болуп, үйүнө чыгып кетти" деп койчумун. Чынында ал киши ары карап кеткен болот.

Председатель ассоциации информатиков Кыргызстана, профессор Уланбек Мамбетакунов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамбетакунов: өкмөт элдин саламаттыгына, рак илдетин дарылоонун жеткиликтүү болушуна көбүрөөк көңүл бурса дээр элем

— Экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?

— 2000-жылы экөөбүз мектепте иштеп жүрүп тааныштык. Мен ал кезде чет өлкөдөн тажрыйба алып келип университетте жана мектепте сабак берчүмүн. Келинчегим кыргыз тилинен сабак берип жаңы ишке орношуптур. Кесиптештер "экөөңөр таанышып алсаңар жакшы болот" деп жүрүп эле жакындатып коюшту. 3-4 айдан соң үйлөнүп алдык. Өзүм шаарда туулуп-өскөндүктөн жалаң орусча сүйлөчүмүн. Кийин жубайымдын арты менен таза кыргызча сүйлөп, азыр керек болсо тренингдерди кыргыз тилинде өтөм.

— Төрт кызыбыз бар дедиңиз, чоңоюп келе жаткан кызга эненин кеп-кеңеши керек эмеспи. Татаал болгон жокпу сизге?

— Апасы ооруп жүргөн 1,5-2 жылда өздөрү менен өздөрү болуп калыптыр. Улуусу колледжде, калган үчөө мектепте окуйт. Кыздардын кичүүлөрү эгиз. Үй оокаттарын өздөрү жасап, сабактарын айттырбай окуп турушат. Мерез деп айтпайм, бирок апасы бир ай ооруканада, бир жума үйдө болуп жүрүп, өздөрүн көп нерсеге моралдык жактан даярдап коюшкан окшойт. Кыз кишинин үй оокатка тың болгону жакшы эмеспи, азыр жакшылап кылганды үйрөнгүлө, кийин барган жериңерден "атасы үйрөтпөптүрбү?" деп айтышат деп тамашалап коем.

— Азыр үйдөн башка бирөөбүз ооруп калбайлы деген сактануу жокпу?

— Жок, бирок бардык ата-энелердей эле кыздардын эмне ичип-жеп жатканына катуу көңүл бурам. Газдалган суусундук, тез татымдардан алыс болгула деп айтып калам. Бирок бала деген бала экен да, кез-кезде жеп коюшат.

Мекендештерге айтарым, азыр рак оорусуна кабылгандар аз эмес экен. Өкмөт элдин саламаттыгына, рак илдетин дарылоонун жеткиликтүү болушуна көбүрөөк көңүл бурса дээр элем. Ар бир үй-бүлөгө жакшылык каалайм, эч ким жакынын жоготпосун!

Тема боюнча

Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
Рактан айыккан 7 жашар кыздын чоң апасы: ооруну уулума угуза албай канча жүрдүм
Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
Белгилер:
үй бүлө, оору, рак, Уланбек Мамбетакунов

ЭҢ МААНИЛҮҮ