Туризм департаментинин жаңы жетекчиси: туристтердин так санын биле албай жүрөбүз

© Sputnik / Бегимай БакашеваДиректор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат Дамир уулу кесиби боюнча экономист. Жогорку билимин АКШда бекемдеп, Япония менен Германияда тажрыйбасын жогорулаткан. Орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөт.

Ал 10 күн мурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине директор болуп дайындалды. Мамлекет чоң үмүт арткан тармакты жетектей баштаган Дамир уулун коомчулук анча тааный бербегендиктен, Sputnik Кыргызстан аны маекке тартты.

— Максат, буга чейин атыңызды туризм тармагынан уккан жок элек. Кайсы кызматтарды аркалагансыз?

— "КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү" программасында экономиканы өнүктүрүү боюнча координатор болуп иштегем. Ага чейин эл аралык уюмдарда, жеке ишканаларда эмгектендим. 

© Пресс-служба правительства КРМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине директор болуп дайындалган Максат Дамир уулу
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине директор болуп дайындалган Максат Дамир уулу

— Өлкө үмүт артып, экономикабызды көтөрөр бекен деп карап турган тармакты сүйрөп кете алам деп ишенесизби?

— Өз күчүмө, билимиме ишенбесем, келмек эмесмин. Албетте, жоопкерчилиги чоң экенин билем. Сунуш болгондо дароо эле макул дей койгон жокмун. Анткени акыл калчаш керек болчу. 3-4 күнчө ойлондум.

— Жакында эле премьер-министр "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзөбүз деди. Туризм агенттиги тургандан кийин ал ишкананын кандай зарылдыгы бар?

Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Сыйлык сурап келбегиле! Маданият министри Жаманкулов элге кайрылды
— Бул ишкана "Кыргызстан" брендин реклама аркылуу дүйнөлүк туризм рыногуна алып чыгыт деген максатта ачылып жатат. Кадимкидей өзүнүн кеңсеси, кызматкерлери, бюджети болот. Алар өлкөнү эл аралык туристтик жарманкелерге алып чыгып, тааныштырып, чет элдиктерди тартууга аракет кылат. Анткени 2019-2022-жылдарга туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы программа кабыл алдык. Максаты — жылына сырттан келген коноктордун санын 10 пайызга көбөйтүү. Мисалы, азыр жылы бою Кыргызстанга 5 миллион 200 миңдей турист келип жатат. Мунун аркасы менен биздин тармак ички дүң продукцияга беш пайыздан бир аз ашык салым кошууда. 4-5 жыл ичинде бул көрсөткүчтү 7-10 пайызга жеткиришибиз керек. 

— Сиз айтып жаткан 5 миллион 200 миңдин баары эле чет элдиктер эмес да. Анын бир бөлүгү орус жарандыгын алган мигранттар экенин өзүңүз деле билесиз. Киреше алып келе турган чыныгы туристтердин анык санын кантип билсек болот?

— Туристтердин санын билүүгө шартыбыз чындап эле жетпей жатат. Бул үчүн туристтик паспорт же карта киргизебизби, айтор кадамдар жасалат. Бирок маселени ар кайсы тармак өкүлдөрү, ишкерлер менен тыкыр талкуулашыбыз керек. Анткени кандай гана кадам болбосун, бир тараптан пайдасы тийгени менен зыяндуу жактары дагы болуп калышы мүмкүн. 

© Sputnik / Бегимай БакашеваМаксат Дамир уулу: азыр жылы бою Кыргызстанга 5 миллион 200 миңдей турист келип жатат. Мунун аркасы менен биздин тармак ички дүң продукцияга беш пайыздан бир аз ашык салым кошууда. 4-5 жыл ичинде бул көрсөткүчтү 7-10 пайызга жеткиришибиз керек.
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Максат Дамир уулу: азыр жылы бою Кыргызстанга 5 миллион 200 миңдей турист келип жатат. Мунун аркасы менен биздин тармак ички дүң продукцияга беш пайыздан бир аз ашык салым кошууда. 4-5 жыл ичинде бул көрсөткүчтү 7-10 пайызга жеткиришибиз керек.

— Ишкерлер демекчи, коомчулук арасында "туризмди эл өзү эле өнүктүрүп жатат, мамлекеттин салымы аз" деген пикир бар. Кошуласызбы?

— Бул пикирдин кошула турган дагы, кошулбай турган дагы жактары бар. Кошула турган жагы — мамлекетте каржы маселеси татаал болгондуктан, жакшы долбоорлорду сунуш кылып, ишкерлерге жардам берүү жааты аксап келген. Макул болбогон жагы — бийлик туристтерге ыңгайлуу мыйзамдарды чыгарбаса, чет элдиктер кандай келет эле? Бир эле мисал — визасыз режим. 2012-жылдан бери Кыргызстанга 45 мамлекеттин жарандары ээн-эркин келип-кетип жүрүшөт.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз Туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү сунушталууда
— Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын жапайы жаратылышына кызыгат эмеспи. Мындан ары деле мамлекет ушуга артыкчылык береби?

— Ооба, жапайы, айрым жерине киши буту тие элек жерлерибиз биздин артыкчылыктуу жагыбыз. Бирок кайсы аймак болбосун ыңгайлуу шарттар түзүлүп, инфраструктура жакшыртылышы керек. Ошол эле тарыхый жайлардын жанына эс алуу борборлорду куруп койсок, жаратылыш булганбайт жана иштеткендерге кошумча каражат түшөт.

— Көпчүлүктү нааразы кылган баа саясатын жөнгө салуу боюнча жаңыча көз караштарыңыз барбы?

— Бааларды жеткиликтүү кылуунун бир эле жолу бар. Бул — атаандаштыкты күчөтүү. Ал үчүн ишкерлик өнүгүп, кызмат көрсөткөндөр көбөйүшүнө шарт түзүлүшү керек. Ошондо өзүнөн-өзү баалар түшөт. Мындай жолду бизге чейин азыр бүткүл дүйнөдөн туристтер агылып жаткан Түркия, Таиланд сыяктуу өлкөлөр дагы басып өткөн. 

© Пресс-служба правительства КРМаксат Дамир уулу: 2012-жылдан бери Кыргызстанга 45 мамлекеттин жарандары ээн-эркин келип-кетип жүрүшөт
Директор департамента при Минкультуры Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Максат Дамир уулу: 2012-жылдан бери Кыргызстанга 45 мамлекеттин жарандары ээн-эркин келип-кетип жүрүшөт

— Туристтик милиция түзүлөт деп жатабыз. Пайдасы тиет деп ойлойсузбу?

— Сөзсүз тиет. Анктени азыр милиция көчөдө эки-экиден ээрчишип алып, чет элдикти көрсө эле документин текшерип, тынчын алганын көрүп жүрөбүз. Алардын ордуна чет тилин билген, сылык-сыпаа иштеген, туристтин көйгөйүн чечип, кеңеш бере турган кишилер керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0