00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жатын моюнчасындагы эрозиянын жеткен чеги — рак. Гинеколог илдет тууралуу

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Гинеколог Гүлзина Мадраимованын айтымында, жатын моюнчасынын эрозиясы көп учурда аялдын жанын оорутпай, белги бербей жүрө бериши мүмкүн. Бирок көңүл бурбай койсо төрөбөй калууга, өтүшүп кетсе ракка алып келет.

Биз жатын моюнчасынын эрозиясынын (жара) пайда болуш себеби, белгилери, алдын алуу жана дарылоо ыкмалары тууралуу сурадык.

© Фото / Гулдана ТалантбековаДарыгер Гинеколог Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Гинеколог Гүлзина Мадраимова

Аныктамасы

Жатын моюнчасынын эрозиясы — аялдын жыныс мүчөсүндөгү жатын моюнчасынын былжыр челинин жаракатка кабылуусу.

Белгилери

Жара жатын моюнчасында челди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Жыныстык катнаш учурунда оорутат жана кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат. Жара ачык кызыл түстө жана тегерек формада болот.

Себептери

Нежелательная беременность в КР - Sputnik Кыргызстан
Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
Бул ооруга ар кандай курактагы кыз-келиндер, аялдар чалдыгышы мүмкүн. Адатта төрөт учурунда жыныс мүчөсү жаракатка кабылган же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда көп кездешет. Эрозиянын пайда болуусунун себептери — инфекция, жыныстык катнашка эртелеп баруу, жатын моюнчасынын сезгенүүсү, организминдеги гормоналдык бузулуу, иммунитеттин түшүшү, жыныстык катнаш учурундагы этиятсыздык жана башкалар.

Жара бар экенин кантип билсе болот?

Жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт, дарыгердин бир текшерүүсү жетиштүү. Эрозияны текшерүү үчүн гинеколог жатындан мазок (жука челден былжырды сүртүп алуу) тапшырууну сурайт. Андан соң кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат. Бул аппараттын жардамы менен жатындын абалын көрүүгө болот. Мындан тышкары, жыныстык органдардагы инфекциялар менен гормондорду текшерип аныктайт.

Дарылоо жолдору

Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
Дарылоо оорунун пайда болгон себептерине жана жаранын өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт. Маселен, гинеколог дары-дармек менен кетирүүнү сунуштайт. Андан сырткары, жара лазер нуру, радиоактивдүү хирургия жолдору менен да алынат. Учурда медицинанын ыкмалары арбын, аларды дарыгерлер өздөрү жасайт. Эскерте кетүүчү нерсе, эрозияны өз алдынча же эмчи-домчунун жардамы менен айыктырам деп, тобокелге барбаңыз. Жылына бир ирет гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп турууу керек.

Оору менен күрөшпөсө эмне болот?

Эрозия белги бербей, оорутпай жүрө бериши мүмкүн. Бирок көңүл бурбай койсо, кайгылуу аякташы мүмкүн. Биринчи кезекте ооруга кабылган аял сырттагы инфецияларга туруштук бере албайт, төрөбөй калышы мүмкүн. Андан да кооптуу нерсе — өтүшүп кеткенде жатындын залалдуу шишигине (ракка) алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0