БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болот. Бул тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолдорго бул жазуулар жазылат:
— "Баланы колдон чыгарбаңыз!";
— "Кулакчынды чечиңиз!";
— "Телефонго алаксыбаңыз!";
— "Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!".
Мындай чакырыктар Чүй проспектисинин Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары, Турусбеков, Исанов, Тыныстанов, Шопоков, Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен жана Чүй проспектисинин Чыгыш-5 кичирайонун аралап өткөн жерлерине жазылат.
Маалыматка караганда, бул кадам жөө адамдардын катыштыгы менен болгон жол кырсыктарынын алдын алат.