Жамгыр жаап, күн кескин сууктайт. 8-октябрга чейинки аба ырайы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн көзү 7-октябрдан тарта бузулат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 8-октябрга чейин аба ырайы кандай болорун билдирди.

Ага ылайык, 4-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 7-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

8-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0