ЧОЛПОН-АТА, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
![Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү болуп Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш аталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013301_0:0:5653:3553_600x0_80_0_0_eba3876440a2481e102021eb08299ccd.jpg)
![Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип алгачкы ирет өтүп жатат. Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип алгачкы ирет өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013307_0:0:4799:3016_600x0_80_0_0_9424d66cc36ca6d9128fc85d8a2bd12c.jpg)
![Бул мелдешке катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. Бул мелдешке катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013315_0:0:5816:3656_600x0_80_0_0_de404c90abbbce7d7d6654ccc6cd7dfd.jpg)
![Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө күрөштөн баш байгени багындырган 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынады. Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө күрөштөн баш байгени багындырган 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013321_0:0:4799:3016_600x0_80_0_0_96c56e893aba96dc1b20d67453745d98.jpg)
![Финалдык кармашта сумодон алтын уткан россиялык Айдын Монгуш (114 кг.), пахлаваниден жеңген ирандык Жабер Садегжадехди (125 кг.) багындырып Көчмөндөрдүн улуу балбан титулуна ээ болду. Финалдык кармашта сумодон алтын уткан россиялык Айдын Монгуш (114 кг.), пахлаваниден жеңген ирандык Жабер Садегжадехди (125 кг.) багындырып Көчмөндөрдүн улуу балбан титулуна ээ болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013326_0:183:4799:3200_600x0_80_0_0_fc644698381ca2ab2c665f0d46f955d1.jpg)
Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип алгачкы ирет өтүп жатат. Бул мелдешке катышууга ДКОдогу спорттун түрлөрүнө кирген 13 күрөштүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын акыркы күнүндө күрөштөн баш байгени багындырган 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынады.
Бул негизги мелдеш болгондуктан улуу балбан 1 миллион сом, көчмөндөрдүн алтын куру жана шакеги менен сыйланды. Мындан сырткары, токулган аргымак мингизип, колуна камчы карматышты.
Айдын Монгуш 24 жашта. Ал сумо менен 10 жылдан берки талбай машыгуусунун акыбети кайтып, улуу балбан аталуу күтүүсүз жана абдан жагымдуу болгонун билдирди.
"Көчмөндөрдүн улуу күрөшү жакшы мелдеш экен. Кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Уюштуруучуларга рахмат! Эми 2020-жылкы оюндагы улуу балбан менен кармашып титулумду коргойм", — деди Монгуш.
Чыныгы балбандар күчүн сынаган күрөштүн түрлөрү:
— алыш (Кыргызстан)
— ашыртмалы аба гюреши (Түркия)
— гореш (Түркмөнстан)
— гуштини милли камарбанди (Тажикстан)
— гюлеш (Азербайжан)
— казах куресы (Казакстан)
— кураш (Өзбекстан)
— кыргыз күрөш (Кыргызстан)
— монгол бох (Монголия)
— пахлавани (Иран)
— самбо (Россия)
— ссирым (Түштүк Корея)
— сумо (Япония).
Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жол-жобосу менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын таанышыңыз.