ЦУМда каза болгон кишинин өлүмү боюнча милиция өз версиясын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай тургунду сабап салды деп шектелип кармалган ЦУМдун сатуучусу эки айга камакка алынды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн сатуучусу товар уурдоого аракет кылганы үчүн 45 жаштагы тургунду сабап жибергенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай ЦУМдун ичинде бир киши каза болуп, анын денеси көгала болгону кабарланган. 

"Тергөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча сатуучу кардар товар уурдоого аракет кылып жатканын көрүп калып, айтыша кетишкен. Сатуучу күркөдөн чыгып 45 жаштагы жаранды бир нече жолу чаап жибергенде ал жерге жыгылган", — дешти милициядан.

Кардарга кол көтөргөн сатуучу №1 убактылуу кармоо жайына эки айга камалды. Экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу азырынча 45 жаштагы киши эмнеден улам каза болгону белгилүү боло элек. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси "Денеге атайылап залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0