БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары жер титирегенин социалдык тармактарга жазышты.
Силкинүү болжол менен саат 18.22де байкалган. Билдирүүлөрдө жер кыйла сезилерлик эле титирегени айтылды.
Европадагы Жер ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматы боюнчаочок Түштүк Казакстанда Алматы шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Магнитудасы 4,7ге жеткени белгилүү болду.
Казакстандын ЖМКлары, анын ичинде Tengrinews алматылыктар үчүн силкинүү кыйла сезилерлик эле болгонун жазып чыкты.