Жувалдыз менен бостекти көктөй калчы... Диалектини дитиңе тутуп ал

Жазылуу
НовостиTelegram
Тилдин бай болгону кандай жакшы. Диалект сөздөр менен говорлор адабий тилдин негизин түзбөсө да ички дүйнөнү байытуу максатында окуп алган дурус деген ойдобуз.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасы дал ушул темада. Материалды даярдоого филология илимдеринин кандидаты, БГУнун профессору Жээнкул Жумалиевдин "Азыркы кыргыз тилинин диалекттери" китеби жардам берди.

Алгач, адабий тил менен диалект, говорлордун айырмасы эмнеде экендигин түшүндүрө кетсек.

Адабий тил — нормага, калыпка салынган, стиль жагынан тарамдалып ажыратылган, коомдук милдеттери, колдонулуш чөйрөсү кеңейген, белгилүү бир жамаатка тиешелүү орток тил.

Диалект — аймактык, кесиптик, социалдык жалпылыгы боюнча байланышкан адамдар тобунун тили.

Говор (айтым) — аймактардын ичиндеги өз ара тилдик түшүнүктөр.

Түштүк диалектиси

Катык — айран;
Жувалдыз — темене;
Тукум — жумуртка;
Паша — чиркей;
Гилас — алча;
Тамарка — огород;
Айван — бастырма, коридор;
Пешайван — кире бериш, коридор;
Шырдан — бийик кереге;
Бейва — жесир;
Нааматы — музыкант;
Асип — быжы (тамак);
Жапан — ээн жер;
Чыкыроон — суук, ызгаар;
Бадан — тулку бой;
Талаа тоок — кыргоол;
Төштүк — боркок;
Жөө желим — сөөлжан.

Талас говору

Тапанча — көмөч казандын наны;
Текмат — кайыш кур;
Бостек — көлдөлөң;
Чермий — чыптама;
Тыбыт — майдын чөбөгөсү;
Чайанчы — балчы;
Мамадана — чоң кишидей сүйлөгөн жаш бала.
Шалдама — этти, күлчөтайды майдалап туурап, пияз жана башканы кошуп аралаштырган тамак;
Дагыра, чылапчын — илеген (Ысык-Көл), таштек (Нарын).

Ысык-Көл говору

Конок — жүгөрү;
Бадыбот — кесе;
Нарын говору
Чөмөлөк — туткалуу идиш;
Тогон, тогоон — платина;
Доол — мөндүр;
Бортоной — өпкө кап, өпкө тон;

Чүй говору

Чомпуш — билими жок, караңгы, түшүнүгү аз киши;
Ойбут — эки жагы бийик, ортосу чуңкур келген жер;
Доңго — аттын бутуна балчык же башка нерсенин туруп калышы;
Чертмек — комуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0