00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
On air
17:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Бендер против системы: экономика абсурда в “Золотом телёнке"
18:06
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО ушул жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирерин эскерттиЛавров АКШ менен Украина жаатындагы сүйлөшүүлөр боюнча пикирин билдирдиКыргызстандыктар МГИМОго тапшыра алышат. Документтер 19-майга чейин кабыл алынат Алдыда кененирээкКыргыз Республикасынын жарандары 2025/26-окуу жылына Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна кабыл алуу үчүн сынактык тандоого катыша алышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, бакалавриат, магистратура жана аспирантурага документтер 2025-жылдын 19-майына чейин кабыл алынат. Талапкерлер сунуш кылынгандардын ичинен бир гана тандалган окуу тармагына документтерди тапшыра алышат. МГИМОго кабыл алуу бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Сегиз абитуриент бакалаврдын күндүзгү программасына, бешөө магистратурага жана бирөө аспирантурага сунушталат. Тышкы иштер министрлиги тарабынан МГИМОнун сынактык иш-чараларына андан ары катышуу үчүн сунушталган талапкерлер аралыктан орус жана чет тилдер боюнча тестирлөөдөн өтүшөт. Абитуриенттерди сынактык тандоо эрежелери менен Тышкы иштер министрлигинин жана министрликтин Дипломатиялык академиясынын сайттарынан таанышууга болот.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке жактарга автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жок болгондугу үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертет. Мекеме ОСАГО мыйзамдагы гана талап эмес, маанилүү коргоо чарасы экенин белгилейт. Кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы айдоочуну олуттуу каржылык чыгымдардан сактап, үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурат. Жеке жактарга айып 30 эсептелген көрсөткүчтү, же 3 миң сомду түзөт. Ассоциация элди камсыздандыруу полисин алууну акыркы мүнөткө чейин калтырбоого чакырат. Автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча суроолор боюнча 1292 телефонуна кайрылыңыз.
Россия Украина маселесин жөнгө салуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн процесс расмий аяктаганга чейин коомчулукка жарыялоону көздөбөйт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Сергей Лавров Си-би-ес журналисти Маргарет Бреннан менен курган маегинде айтканын РИА Новости жазды. "Биз чынында абдан сылык, токтоо адамдарбыз. Айрымдардан айырмаланып, сүйлөшүүлөрдө эмне кеп болгонун эл алдында эч качан талкуулабайбыз. Антпесе, сүйлөшүүлөр олуттуу болбойт", — деген ал. Министр бул маселени Владимир Зеленский менен талкуулоону сунуштап, Киев режиминин башчысы тескерисинче, каалаган адам менен, атүгүл АКШнын президенти Дональд Трамп менен да маалымат каражаттары аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген.Лавров жума күнү Ак үйдүн кожоюнун Украинадагы согуштун чыныгы себептерин билген балким жалгыз дүйнөлүк лидер деп атаган. Министрдин айтымында, Трамп бул маселе боюнча макулдашууга аз убакыт калганына ишенет, бирок айрым жагдайларын жакшылап, бышырып иштеп чыгуу зарыл.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 32 тыйынга евро 99 сом 37 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫЖекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. 27-апрель, жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын аймагында +19...+24 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0