https://sputnik.kg/20250425/1093556807.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда... 25.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-25T13:00+0600
2025-04-25T13:00+0600
2025-04-25T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093556675_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_43e069c25cf4b793c9a66ccd0cda79f3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган.
2021-жылдан бери Ирак менен Сириядан баш-аягы 544 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеме башчысы Равшанбек Сабиров Глобалдык фонддун өкүлү менен жолугуп, кайтарылгандарды реинтеграциялоо жана реабилитациялоо боюнча маселе талкууланган. "2021-жылдын мартында "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан жашы жете электер мекенине кайтарылды. Ошондой эле 2022-жылы Сириядагы лагерлерде жүргөн жарандарыбызды кайтарып ала баштаганбыз. Жалпысынан Сириядан алып келүү иштери алты этапта жасалып, эң соңкусу 2024-жылдын жайында ишке ашырылган", — деген Сабиров. Министрлик кайтарылгандардын 396сы жашы жете электер экенин кошумчалады.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бишкек бетон заводуна" каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддон кабарлашты. Акчанын өндүрүш көлөмүн көтөрүү үчүн берилерин айтышты. Өндүрүштүн кубаттуулугу эки эсеге көбөйүп, саатына 235 куб метрди түздү. "Бул өлкөдө курулуш объектилерин жогорку сапаттагы бетон менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деп белгилешти фонддон.Бетон курулуштун бардык түрүндө, анын ичинде жаңы айланма жолду курууда колдонулууда.
Кыргыз балын уурдоого шектелген япониялык абышкага эң жакшы, кымбат делген бал белекке берилгенин Centralasia басылмасы жазды. Осако шаарынын 83 жаштагы тургуну 16-апрелде "Экспо-2025" жарманкесинде уурулукка шектелип кармалган. Эртеси полиция улгайган адамды кечирим суратуу үчүн Кыргызстандын павильонуна алып келген. Жарманкеде иштеген кыргызстандыктар доосу жок экенин айтып, полициядан ал кишини кое берүүсүн суранышкан. Мындан тышкары, абышкага ардактуу конокторго бериле турган эң жакшы, кымбат балдан белек кылышкан.
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров CBS телеканалынын алып баруучусунун АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткоффтун Россия лидери менен жолугушуусун Дональд Трамп жарыя кылганы боюнча соболуна чымчып жооп берди. "Сиз эмне, Кошмо Штаттардын президентине ишенбейсизби?" — деп суроо салган Лавров. Ал Россия Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга даярдыгын, бирок кээ бир жерлерин аягына чейин иштеп чыгыш керек болгон учурлар бардыгын айтты.Министр Трампты "балким, Украина кризисинин түпкү себептерин жок кылуу зарылдыгын түшүнгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер" деп божомолдогон. Мындан сырткары, ал Украинада жай жарандар бутага алынып жатат деген күнөөлөөлөрдү четке какты.
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган.2021-жылдан бери Ирак менен Сириядан баш-аягы 544 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеме башчысы Равшанбек Сабиров Глобалдык фонддун өкүлү менен жолугуп, кайтарылгандарды реинтеграциялоо жана реабилитациялоо боюнча маселе талкууланган. "2021-жылдын мартында "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан жашы жете электер мекенине кайтарылды. Ошондой эле 2022-жылы Сириядагы лагерлерде жүргөн жарандарыбызды кайтарып ала баштаганбыз. Жалпысынан Сириядан алып келүү иштери алты этапта жасалып, эң соңкусу 2024-жылдын жайында ишке ашырылган", — деген Сабиров. Министрлик кайтарылгандардын 396сы жашы жете электер экенин кошумчалады.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бишкек бетон заводуна" каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддон кабарлашты. Акчанын өндүрүш көлөмүн көтөрүү үчүн берилерин айтышты. Өндүрүштүн кубаттуулугу эки эсеге көбөйүп, саатына 235 куб метрди түздү. "Бул өлкөдө курулуш объектилерин жогорку сапаттагы бетон менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деп белгилешти фонддон.Бетон курулуштун бардык түрүндө, анын ичинде жаңы айланма жолду курууда колдонулууда.Кыргыз балын уурдоого шектелген япониялык абышкага эң жакшы, кымбат делген бал белекке берилгенин Centralasia басылмасы жазды. Осако шаарынын 83 жаштагы тургуну 16-апрелде "Экспо-2025" жарманкесинде уурулукка шектелип кармалган. Эртеси полиция улгайган адамды кечирим суратуу үчүн Кыргызстандын павильонуна алып келген. Жарманкеде иштеген кыргызстандыктар доосу жок экенин айтып, полициядан ал кишини кое берүүсүн суранышкан. Мындан тышкары, абышкага ардактуу конокторго бериле турган эң жакшы, кымбат балдан белек кылышкан. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров CBS телеканалынын алып баруучусунун АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткоффтун Россия лидери менен жолугушуусун Дональд Трамп жарыя кылганы боюнча соболуна чымчып жооп берди. "Сиз эмне, Кошмо Штаттардын президентине ишенбейсизби?" — деп суроо салган Лавров. Ал Россия Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга даярдыгын, бирок кээ бир жерлерин аягына чейин иштеп чыгыш керек болгон учурлар бардыгын айтты.Министр Трампты "балким, Украина кризисинин түпкү себептерин жок кылуу зарылдыгын түшүнгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер" деп божомолдогон. Мындан сырткары, ал Украинада жай жарандар бутага алынып жатат деген күнөөлөөлөрдү четке какты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093556675_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8ad9d5a52a7cfa09b2940cf5a4b0e9a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио