https://sputnik.kg/20250425/1093560308.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт... 25.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-25T15:00+0600
2025-04-25T15:00+0600
2025-04-25T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093560176_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbc2fcb335aadd95c35e1c7103899259.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү план фонддун кеңешинен өтсө перспективдүү бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнө баштайт. "Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – стартаптарга, айрыкча күрөөсү жок ишкерлерге да каржылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Долбоор алгач пилоттук негизде ишке ашырылып, кемчиликтерди тез арада оңдоого шарт түзүлөт. Демек, бардык эле башталган ишке каржы бөлүнө бербейт. Алгачкы эки жылда долбоор сыноодон өткөрүлүп, андан соң стартаптарды толук кандуу каржылоого өтүү мерчемделүүдө", — деди Курманбеков. Ошондой эле ал фонд быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылай турганын кошумчалады.
Айыл чарба министрлиги аз аянт жерден кантип жарым миллион сомго чейин киреше тапса болорун айтты. Ведомство 10 сотых жерге 80 түп гилас, 330 карагат көчөттөрүн отургузууга боло турганын белгиледи. Мындай ыкманын көп артыкчылыктары бар. Мисалы, жерди семиртип, бош жерлерди кыскартат жана туруктуу кирешени камсыз кылат. Биринчи жылы карагат 300 килограммга чейин түшүм берип, 60 миң сомго чейин киреше алып келет. Ал эми гилас багы үч жылдан кийин түшүм бере баштайт. Орто эсеп менен жылына 2,5 тоннага чейин мөмө алынат, бир килограммынын орточо баасы 200 сом болгондо, жылына 500 миң сом киреше алып келет. Министрликтин эсеби боюнча, мындай бакчага кеткен чыгымдын суммасы 100 миң сомдон ашпайт. Мунун ичине тамчылатып сугаруу системасы да кирет.
Бишкектин мектептеринде "Сенин эко зарядың" аттуу экологиялык акция өтүп жатканын мэрия билдирди. Акциянын алкагында колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча шаардык сынак өтүп жатат. "Демилгенин максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруу, ошол эле учурда кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу", — деди мэрия. Колдонулган батареяларды эң көп чогулткан мектеп жеңүүчү болот. Акция экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана мектеп окуучуларын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча практикалык иш-чараларга тартууга багытталган. Катышуучу мектептерде батареяларды чогултуу үчүн атайын урналар орнотулду.
Ысык-Көлдүн жээктеринде объектилерди курууга уруксат берилет. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, өзгөчө учурларда суу четинен 100 метрлик жерге объектилерди курууга болот. Бирок алар капиталдык курулуш болбошу керек. Эми Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирсте жуунуучу зонасы жок буу бөлмөлөрүн, бар текчелерин жана саркынды сууну тазалаган системасы менен коомдук ажатканаларды курса болот. Туристтик кызматты жакшыртып, келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылуу үчүн аталган сунушту буга чейин Мамкурулуш киргизген.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү план фонддун кеңешинен өтсө перспективдүү бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнө баштайт. "Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – стартаптарга, айрыкча күрөөсү жок ишкерлерге да каржылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Долбоор алгач пилоттук негизде ишке ашырылып, кемчиликтерди тез арада оңдоого шарт түзүлөт. Демек, бардык эле башталган ишке каржы бөлүнө бербейт. Алгачкы эки жылда долбоор сыноодон өткөрүлүп, андан соң стартаптарды толук кандуу каржылоого өтүү мерчемделүүдө", — деди Курманбеков. Ошондой эле ал фонд быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылай турганын кошумчалады.Айыл чарба министрлиги аз аянт жерден кантип жарым миллион сомго чейин киреше тапса болорун айтты. Ведомство 10 сотых жерге 80 түп гилас, 330 карагат көчөттөрүн отургузууга боло турганын белгиледи. Мындай ыкманын көп артыкчылыктары бар. Мисалы, жерди семиртип, бош жерлерди кыскартат жана туруктуу кирешени камсыз кылат. Биринчи жылы карагат 300 килограммга чейин түшүм берип, 60 миң сомго чейин киреше алып келет. Ал эми гилас багы үч жылдан кийин түшүм бере баштайт. Орто эсеп менен жылына 2,5 тоннага чейин мөмө алынат, бир килограммынын орточо баасы 200 сом болгондо, жылына 500 миң сом киреше алып келет. Министрликтин эсеби боюнча, мындай бакчага кеткен чыгымдын суммасы 100 миң сомдон ашпайт. Мунун ичине тамчылатып сугаруу системасы да кирет.Бишкектин мектептеринде "Сенин эко зарядың" аттуу экологиялык акция өтүп жатканын мэрия билдирди. Акциянын алкагында колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча шаардык сынак өтүп жатат. "Демилгенин максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруу, ошол эле учурда кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу", — деди мэрия. Колдонулган батареяларды эң көп чогулткан мектеп жеңүүчү болот. Акция экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана мектеп окуучуларын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча практикалык иш-чараларга тартууга багытталган. Катышуучу мектептерде батареяларды чогултуу үчүн атайын урналар орнотулду.Ысык-Көлдүн жээктеринде объектилерди курууга уруксат берилет. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, өзгөчө учурларда суу четинен 100 метрлик жерге объектилерди курууга болот. Бирок алар капиталдык курулуш болбошу керек. Эми Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирсте жуунуучу зонасы жок буу бөлмөлөрүн, бар текчелерин жана саркынды сууну тазалаган системасы менен коомдук ажатканаларды курса болот. Туристтик кызматты жакшыртып, келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылуу үчүн аталган сунушту буга чейин Мамкурулуш киргизген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093560176_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cf2b210693dae08cdf89ad2859612b31.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио