https://sputnik.kg/20250426/1093574669.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда... 26.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-26T08:59+0600
2025-04-26T08:59+0600
2025-04-26T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1a/1093574537_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9bfdbec7df2c39bc82d306ada8062ea0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү план фонддун кеңешинен өтсө перспективдүү бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнө баштайт. "Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – стартаптарга, айрыкча күрөөсү жок ишкерлерге да каржылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Долбоор алгач пилоттук негизде ишке ашырылып, кемчиликтерди тез арада оңдоого шарт түзүлөт. Демек, бардык эле башталган ишке каржы бөлүнө бербейт. Алгачкы эки жылда долбоор сыноодон өткөрүлүп, андан соң стартаптарды толук кандуу каржылоого өтүү мерчемделүүдө", — деди Курманбеков. Ошондой эле ал фонд быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылай турганын кошумчалады.
Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке берилерин Энергетика министрлигинен билдиришип, кубаттуулугу 100 мегаватт экенин айтышты. "Нарын дарыясындагы станция жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыкмакчы. Бул электр кубатына болгон ички керектөөнүн бир бөлүгүн канааттандырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулук түзүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.Долбоор жалпысынан 124 миллион долларга бааланып, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду анын 44 миллион долларын каржылаган. ГЭС электр энергиясынын тартыштыгын 18 пайызга кыскартары айтылган.
Ош шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкеде 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунушташы күтүлүүдө. Жарманке чегинде жумушка орношуу боюнча мастер-класстар жана кеңеш берүү сессиялары да уюштурулат, бул иш издегендерге ийгиликтүү жумуш табуу боюнча кошумча кеңештерди жана сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү план фонддун кеңешинен өтсө перспективдүү бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнө баштайт. "Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – стартаптарга, айрыкча күрөөсү жок ишкерлерге да каржылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Долбоор алгач пилоттук негизде ишке ашырылып, кемчиликтерди тез арада оңдоого шарт түзүлөт. Демек, бардык эле башталган ишке каржы бөлүнө бербейт. Алгачкы эки жылда долбоор сыноодон өткөрүлүп, андан соң стартаптарды толук кандуу каржылоого өтүү мерчемделүүдө", — деди Курманбеков. Ошондой эле ал фонд быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылай турганын кошумчалады.Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке берилерин Энергетика министрлигинен билдиришип, кубаттуулугу 100 мегаватт экенин айтышты. "Нарын дарыясындагы станция жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыкмакчы. Бул электр кубатына болгон ички керектөөнүн бир бөлүгүн канааттандырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулук түзүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.Долбоор жалпысынан 124 миллион долларга бааланып, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду анын 44 миллион долларын каржылаган. ГЭС электр энергиясынын тартыштыгын 18 пайызга кыскартары айтылган.Ош шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкеде 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунушташы күтүлүүдө. Жарманке чегинде жумушка орношуу боюнча мастер-класстар жана кеңеш берүү сессиялары да уюштурулат, бул иш издегендерге ийгиликтүү жумуш табуу боюнча кошумча кеңештерди жана сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1a/1093574537_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aa8c40045c89bfd169c5ad55537b1c08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио